Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:12

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫН ӨЗГӨРТҮҮГӨ КУШТАР


Бүбүкан Досалиева, Бишкек. 24-марттагы ыңкылаптан кийин Кыргызстандагы саясий күчтөр мамлекеттик башкаруу бийлигин өзгөртүү демилгесин көтөрүп, тезинен конституциялык кеңешме чакырууга аракет көрө баштады. Айрым саясатчылар мындай жооптуу жараянда саясий партиялар башкы милдетти аткарып, мындан аркы саясаттын нугун өзгөртүүгө тийиш деген пикирде.

Азыр Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн саясий партиялардын саны 43. Алардын ичинен буга чейин өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда алган салмагы бар партиялардын саны бирин-экин болгон менен март ыңкылабынан кийин мамлекеттик саясий башкаруу системасын өзгөртүү зарыл деген партиялар дароо пайда болду. Алардын бири «Менин өлкөм» партиясынын жетекчилери дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында өлкөдөгү кризистен чыгуунун мезгил талап кылган мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу зарыл деп билдиришти. Партиянын лидери Жоомарт Оторбаевдин айтымында, ага саясий башкаруу системасын тезинен өзгөртүү зарылдыгы өбөлгө түзүп турат. Анткени, мамлекеттик саясий система өзгөрүлмөйүн бийликке келген ар бир адам мурунку бийликтин катасын кайталашы ажеп эмес:

-Саясий жаңы реформаны тезинен баштоо керек. Ошон үчүн биздин партия президенттин бийлик укуктарынын көбү парламентке өтсүн, анан келечекте парламенттин өкүлдөрүнүн 50 проценти партиялык тизме менен шайлансын деп сунуштап жатат. Саясий система өзгөрүлбөсө азыркы бийлик деле мурдагы калыпка түшпөй койбойт жана түшпөйт деп ким кепил боло алат? .

Жоомарт Оторбаевдин айтымында, саясий системаны жакын арада тезинен өзгөртүү абдан зарыл жана андагы башкы максат президенттин укук милдеттерин азайтуу болуш керек. Ага Кыргызстандагы жердешчилик оорусу башкы себеп:

-Себеби, бизде аймактык кызыкчылыктар абдан жогору. Ошон үчүн президентте абдан көп бийлик болбош керек.

Партиялык тизме менен шайлоо системасын киргизүүнү мурдатан талап кылып келген партиялардын бири «Эркиндик». Партиянын лидери Топчубек Тургуналиев, бирок, азыр саясий системаны өзгөртүүдөн мурун эң ириде президенттик шайлоону калыс өткөрүп, андан кийинки алты айдын ичинде парламентти таратып,жаңы шайлоо өткөрүү жана өкмөттүн тутумун толук бойдон жаңыртуу зарыл деген ойдо. Анын оюнда, Конституциянын жаңы долбоорун тезинен даярдоо азырынча ишке ашпай турган тилек:

- Эң жакшы жол –1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү. Анан ага кошумча киргизүү жолуна түшүү зарыл. Эгерде жаңы Конституцияны кабыл алабыз дей турган болсок, ал өтө узакка созулуп кетиши мүмкүн. Себеби, ал өтө татаал маселе.

Ал эми «Акыйкат жана прогресс» партиясы азыркы кырдаалга ылайык өзүнүн саясий платформасы менен экономикалык программасын даярдоого киришти. Партия лидери Муратбек Иманалиевдин айтымында, азыр Кыргызстанда кризистик жети тармак пайда болду. Азыр коомчулук андан чыгуу жолдорун саясий партия баштаган коомдук-саясий күчтөрдөн күтүп жатат. Ошондуктан, бул партия жакын арада бардык саясий күчтөр менен бийликтин башын кошкон «Улуттук тегерек үстөл» өткөрүп, анда Кыргызстанды кризисттерден чыгаруу үчүн жалпы элдик ынтымакты бекемдөө маселесин күн тартибине койгону жатат. Анын башкы максаты азыркы бийликке кол кабыш кылуу. Муратбек Иманалиевдин айтымында, ал саясий партиялардын классикалык милдети менен шайкеш:

-Саясий партиялардын түпкү максаты мамлекеттик жалпы саясий-экономикалык программаларга катышуу жана ар кандай экономикалык демилгелерди көтөрүү. Биз ушундай сунуштарды өкмөткө билдирип, аны менен иштешүү көз карашында турганыбыз оң болот.

Кыргызстандын саясий турмушунда салмактуу орду бар «Ар намыс» партиясынын жетекчилиги болсо учурга жараша саясий багытты өзгөртүүнүн зарылдыгы жок деген ишенимде турат. Партия төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин айтымында, партиянын башкы максаты мурда эле Кыргызстанды парламенттик республикага айландыруу болчу. Азыр да ушул максатты ишке ашыруу аракетинен кайткан жери жок. Себеби, бийлик бир кишинин колуна топтолгон президенттик башкаруунун кесепеттүү экендигин акыркы 15 жылдык тарых көрсөттү:

- Парламентти бир киши же анын үй-бүлөсү башкарбайт. Кайсы бир маселе талкууга салынса 75 депутаттын жок дегенде 30у калыс сөзүн айтат. Демек, көп жаңылыштык болбойт. Ошон үчүн бизге күчтүү парламент, көз карандысыз өкмөт жана эч кимге баш ийбеген калыс сот керек.Ошондо бизде прогресс болот

Ал эми 2003-жылы түзүлүп, бардык бийлик бутактарын ээлеп алууга аракет кылган «Алга, Кыргызстан» партиясынын азыр кандай багытты көздөп жаткан белгисиз. Ушул партиянын атынан депутаттыкка шайланган Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, партиянын мындан ары иштеши күмөн. Партиянын бир да жетекчиси табылбагандыктан аны тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок.
XS
SM
MD
LG