Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

ЫҢКЫЛАПТЫН САБАКТАРЫ, КАЧЫП КЕТКЕН ПРЕЗИДЕНТТИН ОТСТАВКАСЫ, УЧУРДАГЫ БИЙЛИК ТАЛАШУУЛАР


Кабыл Макеш, Бишкек. 5-апрелдеги “ Агым” гезити Аскар Акаевдин расмий түрдө отставкага кетиши, убактылуу өкмөттөгү бийлик талашуулар тууралуу жазды. Ал эми 5-апрелдеги “Аалам” гезити учурдагы кырдаал, экономикалык оор абал, алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу макалаларга орун берди.

5-апрелдеги “ Агым” гезитинде кабарчы Айнура Алмазбек кызы “Оппозиция жеңдиби же элби?! деген макаласында мындай деп жазат: “Кырдаалга абай салган кишиге жеңиш оппозицияныкы болбой эле элдики болду. Себеби, ансыз да чачыранды оппозициябыз Акаев бийлиги тамам болуп, Өкмөт үйү кароосуз калганда, элдин камынан мурун, креслонун камын көрүштү. Акүй ичинде орун талаштын очогу дале өчө элек .Оппозиция бийликти белекке алгандай эле болду. Кечээ күнкү Акаевди сындап жүргөн оппозицияга бүгүн оңбогондой милдет менен жоопкерчилик жүктөлдү” дейт автор.

Ушул гезиттин кабарчысы Аслан Сартбаев “бийлик бийлик бойдон, оппозиция-оппозиция бойдон калганын” айтып, учурдагы президенттин жана премьер- министрдин милдетин убактылуу аткаруучу Курманбек Бакиевдин кадрдык саясатын сынга алат. “Курманбек Бакиев Аскар Акаев доорунан кол баладай өсүп- өнүгүп, анан ишенимден суурулуп чыгат да, чукул арада оппозиция терисин жамынуу менен бүгүнкү бийликтин баш көзүрүнө айланып олтурат. Учурда Курманбек Бакиевдин эл көзүнө алынчу рефлекси анчейин байкалбайт, асыресе тунарыңкы кадам... Ошол эле реформа, ошол эле эски саясаттын үлгүсү” деп жазат “Агым” гезитине Аслан Сартбаев.

Ошондой эле “Агым” гезитиндеги чакан маегинде убактылуу өкмөттүн вице-премьер-министри Данияр Үсөнов президенттик шайлоо алдында оппозиция дагы бөлүнөөрүн, “Алга, Кыргызстан” партиясынын катарында абийирдүү, ишкер адамдар да арбын экенин, ыңкылапчыл кырдаал шайлоонун калыс, таза, ачык өтүшүнө өбөлгө болоорун, эл мурдакыдай алданбастыгын айткан. “Шайлоо комиссиясы, сот системасы, мамлекеттик чиновниктер коркуп калды. Баштагыдай шайлоодо бурмалап, баштагыдай түздөн-түз кийлигише албайт. Менимче, эски адатка салыштырып, тигиндей болуп кетпейби, мындай болуп кетпейби деп тынсыздануу жөнсүз” дейт вице-премьер-министр Данияр Үсөнов.

Ушул гезитте дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчысы Гүласина Каленова мындайча айтып берди.

Жаңы парламенттеги сессияда каралган маселелер, жаңы өкмөттүн кадр саясаты тууралуу баяндам. Учурдагы кырдаал, алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу Медеткан Шеримкулов менен маек, Кыргыз ыңкылабына карата оң-терс баалар, түрдүү пикирлер, бийлигин таштай качкан Аскар Акаев менен Москвадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө макала, бийликтен кол жууган Кеңешбек Дүйшөбаев, Темирбек Акматалиев, Кубанычбек Жумалиев жана башкалар тууралуу баяндамалар чыкты.

5-апрелдеги “Аалам” гезитинде Жогорку Кеңештин ишин токтоткон мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев өлкөдөгү экономикалык абалдын оордугун, парламенттик шайлоонун адилетсиз өткөндүгүн, ыңкылаптын келип чыгуу себептерин фактылар менен талдоого алып, убактылуу өкмөттүн алдындагы милдеттерине токтолот.“Көптөгөн массалык маалымат каражаттарында ”Жирный крест” аталган премьер-министр Николай Танаевдин жашыруун жыйынынан алынган сөздөр жарыяланган. Аны өкмөттүн адамдары колунан келишинче, алынын жетишинче калпка чыгарууга аракеттенишкен. Бирок, чындык ар дайым өз жолун таап, жогорудагы фактылар, жергиликтүү өкүлдөрдүн жүргүзгөн иш-чаралары, өкмөттүн колдогон талапкерлеринин акча чачышы “Жирный крестеги” шайлоо убагында жүргүзүлө турган тактиканы, аткаруу бийлигинин стратегиясын толук аныктады. Аскар Акаев популисттик мүнөздө сүйлөгөн адам. Анын көптөгөн сөздөрү терең изилденбеген жана бүгүнкү саясый акыбалга жооп бербейт. Ал гана эмес эң жөнөкөй адамдык этикалык, ар- намыска да жакындашпайт. Ал киши “мен башкарып турганда элимди жыргаттым” деген мааниде сүйлөйт.Бул эч чындыкка жатпаган жалган сөздөр. Эми элинен качып кеткен качкын президенттин элине келиши өтө коркунучтуу, ар кандай ойлонбогон иштер болуусу мүмкүн. Өлкөбүздө контрреволюциянын карааны жүрөт” дейт экс - депутат Орозбек Дүйшеев “Аалам” гезитине берген маегинде.

Ушул гезитте кандай мазмундагы макалалар жарыяланганын редактордун орун басары Аида Надырбекова мындайча айтып берди.

- Президенттин жана премьер-министрдин убактылуу милдетин аткарып жаткан Курманбек Бакиевдин маегине орун берилди. Ал учурдагы кырдаал, убактылуу өкмөттүн иш- аракеттери тууралуу сөз кылат. Эл көксөгөнүнө, максатына жетти. Эми алдыда мамлекеттин келечегин, тагдырын аныктоочу президенттик шайлоо турат. Бул өтө жоопкерчиликтүү шайлоодо эл татыктууну жаңылбай тандап алуусу зарыл” деген кайрылуу менен Элдик ыңкылапты коргоо комитети чыкты. “Өлкөдө экономикалык кризистен чыгууда челнокчулардын салымы тууралуу макала да жарык көрдү.

4-апрелдеги “Вечерний Бишкек” гезити Аскар Акаев Кыргызстанда демократиянын негиздерин калыптандырып, таасирдүү саясатчыларды тарбиялап өстүрүп, акыры отставкага кетти деп жазуу менен Москвадагы Жогорку Кеңештин делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү маалымдайт. “Агым” гезитинин кожойуну Мелис Эшимкановдун парламенттик шайлоолор калыс өткөрүлбөй, андагы мыйзам бузуууларды сот адилет карабай, убактылуу өкмөттө болсо бийлик талашуу жүрүп, көчөдөгү талап- тоноо токтогону менен эми мамлекеттик деңгээлде болуп жаткандыгын билдиргени “Вечерний Бишкек” гезитинде жарыяланды.

5-апрелде “Эркинтоо” гезити да бийликти расмий өткөрүп , отставкага кеткен Аскар Акаев тууралуу жазып, жаңы өкмөттүн пенсияларды жогорулатуу жөнүндөгү жарлыгын жарыялады
XS
SM
MD
LG