Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

РИМ ПАПАСЫ ИОАНН ПАВЕЛ ЭКИНЧИ: КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЭМНЕ ДЕЙТ?


Мээрим Султангазы, Бишкек. Рим папасы Иоанн Павел экинчинин каза болгону туурасында кабарды дүйнө коомчулугу чоң кайгы менен кабыл алды. Дүйнө өлкөлөрүнүн башчылары көңүл айтышып, анын ишмердүүлүгүнө карата өз пикирлерин билдиришүүдө. Ал эми кыргызстандыктар Рим папасынын кайтыш болгонуна байланыштуу кандай пикирде?

Ишемби 2-апрель күнү эртең менен Рим папасы Иоанн Павел II оор ахыбалда экенинин Ватикандан расмий билдирүү жасашкан. Ошол эле күнү кечинде Рим папасы 84 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин каза тапты.
Дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарында Рим папасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кыл пикирлер жарыяланууда. Америкалык гезиттер Иоанн экинчинин каза болгонуна байланыштуу макалаларда, аны атагы чыккан инсан, башка диний конфессиялар менен диалог орнотууда чоң салымын кошкон жана Чыгыш Европада тоталитаризмдин кулашында чечүүчү роль ойногон деп белгилешет.


Бирок, ошол эле учурда Рим папасына карата терс пикирлер да айтылган. Швейцариялык теолог Ханс Кюнг Иоанн, Павел экинчи башкарып турган кезде Ватикандын расмий саясатына каршы чыккан. Ал швейцариялык Sonntags Zeitung гезитине берген маегинде , Рим папасынын акыркы жылдар башкаруусу Рим -католик чиркөөсүнө кыйноо болду деп айткан.


Ал эми Кыргызстандын коомчулугу бул кайгылуу окуяга кандай көз карашта?
“Кыргызинфо” маалымат агенттигинин жетекчиси Турат Акимов Иоанн экинчи дүйнөлүк католик коомчулугуна өзүнүн боорукердиги жана даанышмандыгы менен атагы чыкканын айтты:

Ушундай даражадагы киши пайда болооруна ишениш кыйын. Анткени бул киши ушундай чоң кырдаал, дүнүйө-заман өзгөрүп турган кезде өзү иштеп-жүрүп жана атын калтырып кеткен адам болуп калды. Мындай кишинин кайтадан жаралышы абдан кыйын болот. Мисалы диний жагын карасак, мусулманчылыкта болобу, же буддизмде болобу ушунча таасир бере турган киши деле жок. Ал эми Кыргызстандын католиктери болсо кайрат кылсын. Булар залака же, Кыргызстандын өкмөт жагынан, же эл-журтунан куугунтукка учурайт деп мен ойлобойм. .


Павел Иоанн экинчи ушул жылдын 23-февралында “Джеммели” оорукансына жеткирилип, тамагынан операция болгон. Ошондой эле Иоанн экинчи Паркинсон дартынан жабыр тартканын дарыгерлер айтышты. Бирок, Рим папасынын карылыгына карабай, кыйналып ооруп жургөнүнө карабай , католиктер аны ушунча жылдар бою колдоп келгени көп нерсени айтып турат деген ою менен Кыргызстан элдик патриоттук кыймылынын төрагасы Назарбек Нышанов бөлүштү:

Иоанн экинчинин мезгилинде католик дининдеги элдер бир топ өздөрүнүн динин өстүрүп алышты. Ошого болгон берилгендигин, салттарын өркүндөтүп алышты. Негизи бул жерде Иоанн экинчинин салымы чоң деп айтсак болот. Бул киши ушунчалык карылыгы жетип, кыйналып, оорукчан болуп, кээде эл менен сүйлөшүп олтурган жеринде уктап калган мезгилдерине карабастан ошол католик дининдеги, Ватикандагы, бүткүл дүйнөлүк католик дининдеги элдер ушунчалык ушул кишини кадырлап, кастарлап жүргөндүгү билинип турат. Негизи ошол тынчтыкты, бүткүл дүйнөлүк ынтымакты кармаган папаны алып жүргөнгө аракет кылышты.

Ал эми Кыргызстандын диний башкармалыгынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов католик динине ишенгендерге көңүл айтты:

Католик динине баш ийчүлөрдүн мындай ишеними өтө бийик экендиги бул талашсыз. Көңүл айтабыз. Эми ал дүйнөдөн өтүп кетти, татыктуу жашады. Анан эми анын артынан калгандары, айрыкча католик динине баш ийген, баш байлаган, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашап жаткандарга да көңүл айтабыз, пенде катары, кайгысын тең бөлүшөбүз, сабыр кылгыла демекчимин.

Дин боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Наталья Шадрованын билдирүүсүнө ылайык, азыркы тапта республика боюнча 200гө жакын католик динине ишенген аламдар жашайт. Ал эми Рим-католик чиркөөсүнүн папасынын каза болушу Кыргызстандагы католиктерге эч кандай терс таасирин тийгизбейт жана эч кандай кысымга дуушар болбой турганын белгилеп кетти.
XS
SM
MD
LG