Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:57

Кыргызстандын кызматтан четтетилген президенти Аскар Акаев бүгүн кызматынан расмий түрдө баш тартат


Акаев бул тууралуу Кыргызстандын учурдагы өткөөл өкмөтү жиберген делегация менен Москвада жолукканда маалымдаганын делегациянын мүчөсү Темир Сариев биздин радиого мындайча билдирди.

Сариевдин айтымында, кечээ кол коюлган протоколго ылайык, Кыргызстандын парламенти экс-президенттин укуктары жана артыкчылыктары тууралуу мыйзамды аткарууга милдеттенет жана бул мидеттенменин аткарылышына Орусия менен Казакстан кепил болот.

Аскар Акаев отставка кетсе, бул жөнүндө кыргыз парламенти расмий жарыя жасайт. Бул өз кезегинде июнь айына белгилеген президенттик шайлоого жол ачмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG