Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

АСКАР АКАЕВ КЫЗМАТЫНАН ЧЕТТӨӨ АРЫЗЫН МОСКВАДА ЖАЗДЫ


Муса Мураталиев, Москва 4-апрелде Mосква убактысы боюнча саат 10-дон 23 мүнөт өткөндө Акаев кызматынан четтөө арызын Кыргызстан Жогорку Кеңешинин төрагасына тапшырды. Президенттиктен четтөө каадасы Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин имаратында өттү. Ал жерде Акаев элге кайрылуу жасап, жумурияттын жаңы бийлиги менен тирешпей тургандыгын билдирди. Өлкөдө демократиялык реформанын өркүндөшүн каалайм деди. Жекшембиде орусиялык баш калаага келген Кыргызстан Жогорку Кеңешинин делегациясы келген. Делегация мүчөсү Керексизов Ташкүл менен журналисттер баарлашкан жана алардын катарында биздин кабарчы Муса Мураталиев да болгон. Ошол маектин кай бир урунттуу жерлери менен таанышыңыздар

ММ: - Кыргыз чукулку тарыхында калуучу мүнөт келип, 2005 жылдын 4-апрели күнү, мындан да так айтканда, Маскөө убактысы боюнча эртең мененки саат 10дон 23 мүнөт өткөндө Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев кызматынан өз ыктыяры менен четтөө арызын жазып, Жогорку Кеңеш төрагасы Текебаевге сунган. Журналисттерди Кыргызстан элчилиги аккредитация кылуудан баш тарткандыктан элчилик имаратынан тышка чыккан Жогорку Кеңеш депутаттарынан маалымат алууга туура келди. Жогорку Кеңеш делегациясынын мүчөсү Ташкүл Керексизов касканактаган ондогон ар эл, ар тилдеги журналисттерге Акаевдин кызматтан кетүү арызын тапшыруу каадасын кандайча болгонун айтып берди:

ТК: - “Кыргызстан Жогорку Кеңешинин төрагасына Акаев иштен кетүү арызын тапшырды. 18 мүнөттүк элге кайрылуу окуду. Ал, балким, Жогорку Кеңеште окулушу мүмкүн”.

Кыргызстандан келген делегация менен сүйлөшүүдө Акаев тарптан ага өлкөнүн мурдагы премьери Танаев, вице-премьери Жумалиев катышкан. Ошондой эле Акаевдин ишенген кишиси катары Кубанычбек Жумалиевге шаршембиде Бишкекте Жогорку Кеңеш сарайында Аскар Акаевдин кызматтан кетүү арызы менен анын элге кайрылуусун үнгө салып окуп берүү милдети да тапшырылган.

Ысыккөлдөн шайланган Ташкул Керексизовдун маалыматында Акаев мындан ары бийликке бут тосууну коемун деген:

ТК: - “Ал (барыбыздын көзүбүзчө - ММ) айткан кебинде жаңы бийлик менен жөөлөшпөймүн деди. Мунун өзү азыр Кыргызстанда сурак сурап аткан бийликти анын тааный тургандыгын билдирет. Депутаттар алдында ал чын дилинен жаңы бийликтин ишине мындан ары сөзү менен да, иш жүзүндө да жолто болбой тургандыгын айтты. Жаңы бийликтин иши ал өзү иштегендегиге караганда мыкты жетишкендикке жетишүүсүн каалады.

Суроодон суроо чыгып олштуруп, Кыргызстандын парламенти, арачы болобуз деген мамалекеттер көп болгонуна карабай сүйлөшүүнү кантип өзү жүргүзгөндүгүн айта кетти. Андай сунуштар Украина тышкы иштер министрлиги менен Грузия тышкы иштер министрлигинен түшкөнүн депутат белгиледи. Орусиянын арачы болуп бергиси келдиби деген суроого Керексизов мырза: “президенттин Маскөөдө жүрүшү эле кыйланы айтып турбайбы”, - деп жооп берди.

Акаевдин уулу менен кызы депутат болуп кала береби же ал бекеттерде кайра шайлоо өтөбү деген биздин суроого Ташкүл Керексизов мырза кыргызча жооп берди:

ТК: - “Муну азыр айтыш кыйын. Эмне үчүн дегенде, алар өздөрү кааласа анда алар өлкөгө келүүлөрү керек. Каалабаса - арыздарын жазышы керек. Анда ал жерде жаңы шайлоолор өтүшү керек”.

Акаевдин кызматтан өзү кетиши дегинкиси маанилүү иш болгонун Жогорку Кеңеш мүчөсү мындайча түшүндүрдү:

ТК: - “ Ыңкылаб чындыгында жүзөгө ашты. Жаңы бийлик иш жүргүзүп атат. Бирок укук майданында бул кагаз (Акаевдин арызы – ММ) зарыл эле” , - деди Керексизов мырза.
XS
SM
MD
LG