Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Орусия менен Беларусиянын президенттери Сочиде жолугушту


Эки тараптуу алакага байланышкан маселелерден тышкары сүйлөшүүлөрдө КМШ уюмун реформалоо боюнча сунуштар тууралуу да сөз болду. Жолугушуудан соң беларус президенти Лукашенко КМШнын келечеги боюнча төмөндөгүдөй көз карашын билдирди:

-Биз Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги жашаш керек деген айныксыз пикирге келдик. Биз кандайдыр бир принципиалдуу, концептуалдуу чечимдери кабыл алууга жөндөмсү болуп калсак да, биздин жогорку деңгээлдеги консультацияларга көмөктөшүүчү орган катары керек.

Президент Владимир Путиндин жолугушуунун жүрүшүндө айтканына караганда, азыр Орусия менен Беларусиянын мамилеси жакшы өнүгүүдө. Ушул эле ойду президент Александр Лукашенко да кайталады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG