Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Молдованын парламенти Владимир Воронинди президенттикке кайра шайлады


Мамлекет башчысынын кызматына аны менен бирге Илимдер Академиясынын президенти Георгий Дука атаандашты. Эки талапкерди тең азыр парламенттеги 101 орундун 56сын көзөмөлдөгөн Коммунисттик партия көргөзгөн. Шайлоодо жеңип чыгуу үчүн талапкер 61 депутаттын добушуна ээ болуш керек эле. Президент Владимир Воронинди добуш берүүгө катышкан 78 депутаттын 75и колдоду, 2 добуш жараксыз деп табылды, бир добуш экинчи талапкер үчүн берилген. Ал эми "Биздин Молдова" деген борборчул альянстын 23 депутаты добуш берүүгө катышкан жок.

XS
SM
MD
LG