Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:34

Аскар Акаев президенттин кызматынан чегинүү жөнүндө расмий арыз берди


Кыргызстандын кызматтан четтетилген президенти Аскар Акаев бүгүн мамлекет башчылыгынан мөөнөтүнөн мурда кетүү жөнүндө расмий арыз берди. Акаев арызына 4-апрелде эртең менен Москвадагы кыргыз элчилигинин имаратында кол койду. Анын алдында Акаев элге 18 мүнөттүк кайрылуу жасаган. Буга чейин жекшемби күнү Москвага барган парламенттик делегациянын мүчөлөрү менен Аскар Акаевдин сүйлөшүүлөрүнөн соң анын кызматтан чегинүүсүнүн жол-жобосун караган протокол кабыл алынган эле. Эми Аскар Акаевдин арызын кыргыз парламенти талкуулап, кабыл алышы жана президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилеши керек. Мурдагы парламенттин Эл өкүлдөр палатасы президенттик шайлоону 26-июнга белгилеген. Бул мөөнөт эми өзгөрүшү мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG