Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:13

Дагы бир олимпиада комитети түзүлдү


БИШКЕК. 5- апрелде спорт коомчулугунун айрым өкүлдөрү чогулуп, Кыргызстанда дагы бир улуттук олимпиада комитетин түзүштү. Ага 26 спорт федерациясынын өкүлдөрү катышып, президенттигине Жогорку Кеңеш депутаты Аскар Салымбековду шайлашты. Былтыр декабрда өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетине президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев жетекчи болуп шайланган. 30-мартта кайрадан жыйын болуп, Айдар Акаев кызматтан бошотулган.
Улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү Болот Шерниязов, Жаныш Үрүстөмбеков, Мукар Чолпонбаев, Өкмөтбек Алмакүчүков, Ахмед Анарбаев чукул чакырылган конференция мыйзамсыз» дешип залдан чыгып кетишкен. Комитеттин калган мүчөлөрү конференцияны улантып, Улуттук олимпиада комитетинин мүчөлүгүнөн Айдар Акаевди, Николай Танаевди, Абакир Мамытовду, Өкмөтбек Алмакүчүковду чыгарышкан. Конференцияда мурдагы жетекчи Эшим Кутманалиев кайрадан Улуттук олимпиада комитетине президент болуп шайланган. 5- апрелдеги жыйында ал конференция олимпиадалык хартияны бузуу менен өткөрүлгөн жана Эшим Кутманалиев баштаган жетекчилерге ишеним жок деп жаңы комитет түзүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG