Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:34

«Эл аралык толеранттуулук» коомдук фондунун Баткендеги бөлүмү калк маанайын таразалады


БАТКЕН. Аталган уюм Кыргызстандагы акыркы окуяларга байланыштуу эл арасында сурамжылоо жүргүздү. 5-апрелде алынган маалыматка караганда, сурамжылоого негизинен облустагы бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жана бизнес чөйрөсүндө алектенгендер катышты. Алардын көпчүлүгү өлкөдөгү ынкылапка калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгү, жакырчылык, мурдагы бийликтин алсыздыгы жана жоопкерсиздиги, Акаевдин үй-бүлөсүнүн саясатка аралашуусу, парламенттик шайлоонун ыплас өткөнү себеп болгонун белгилешкен. Ошондой эле карапайым калктын мурдагы бийликке болгон нааразылыгынын күчөшү ынкылапка алып келди жана ынкылапты оппозиция уюштурду деген пикирлер да айтылган. Чогулгандардын айрымдары бийлик алмашуудан кийинки катачылыктарга токтолушуп, облустук бийликтин жаңы курамы алсыз болуп калгандыктан калк арасында нааразылыктар пайда болуп жатканын белгилешкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG