Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Атбашы районун калкы элдик акимин шайлап алышты


НАРЫН.Шайлоого түздөн-түз катышып, бир талапкер үчүн иштеген деп Атбашы районунун акими Адил Сайдиновду кинелеп, анын кетишин талап кылган 100гө чукул адам райондук администрациянын имаратына кирип барышты. Аким дароо арызын жазып, аны губернатордун орун басары Жыргал Азыловго тапшырды. Чогулгандар элдик аким болот деп райондук социалдык фонддун башчысы Мукан Айдыралиевди көрсөтүштү. Ал эми акимдин орун басары Акылбек Абыкеев акимдерди мыйзам боюнча мамлекеттик башчысы дайындайт деп билдирди. «Жаңы бийликти колдойбуз», «Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын» дешен талап жазылган плакаттарды көтөрүп турушкан шайлоочулардын айтымында, чогулгандар мамлекеттик катчынынын милдетин аткаруучу Дастан Сарыгуловдун келишин күтүшкөн. Чогулган эл Атбашы районундагы 19 айылынын тургундарынын атынан премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловго багытталган кайрылуу кабыл алышты. Анда Аскар Салымбековдун мандаты алынсын, №32 Атбашы шайлоо окуругунда кайра шайлоо өткөрүлсүн, себеби, Салымбеков добуштарды сатып алып мыйзамсыз шайланган деген маанайдагы 5 талап жазылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG