Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:14

Ыңкылапты коргоо боюнча Ысыккөл облустук бөлүм түзүлдү


КАРАКОЛ. Элдик революцияны коргоо кыймылынын облустагы бөлүмүнүн теңтөрагасы Нурдан Кожогуловдун билдиргенине караганда, аталган кыймылдын уюштуруу жыйыны өтүп, анда республикада түзүлгөн убактылуу бийликке колдоо көрсөтүү, элди ынтымакка, биримдикке чакыруу маселеси талкууланды. Ошондой эле аталган кыймылга мүчө болуп киргендердин так тизмеси алынып, алар менен максаттарды ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Нурдан Кожогуловдун айтымында, бул кыймылга жүзгө жакын адам мүчө болуп кирди. Эми алар менен бирдикте Акаевдик режимди жактап, ар кандай провокацияларга баруучу саясатчыларга, улут арасында ынтымакты бузуп, жекке бөлүнүүнү көздөөчү күчтөргө каршы чогуу күрөш жүргүзүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG