Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Жогорку Сот Куловду актоо маселесин карайт


БИШКЕК. 6-апрелде Жогорку Сот «Ар намыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловго соттор тарабынан мурда берилген жазаларды жокко чыгаруу арызын карайт. Мындай маалымат 5-апрелде партия төрагасынын орун басары Эмил Алиевден алынды. Куловдун адковаты Башкы прокуратурага берген арызды Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров Жогорку Сотко 28-мартта жиберген. Анда Башкы прокуратура Феликс Куловго коюлган айыптар менен берилген жазалардын негиздүүлүгүн эл аралык укук нормалардын алкагында карап, таразалоону сунуштаган болчу. Ал эми Феликс Кулов 4-апрелде «Дойче велне» радиосуна берген интервьюсунда юридикалык жактан толук акталып чыкса, президенттик шайлоого катышаарын билдирди. 5-апрелде Феликс Кулов башында турган «Элдик конгресс» Башкы прокуратурага, Жогорку Сотко кайрылуу жолдоп, анда Куловду актоону талап кылды.Кулов 2001- жылы камакка алынып, жалпысынан 10 жылдык түрмө жазасы берилген. 24-марттагы ыңкылаптан кийин ал дароо түрмөдөн бошотулган.

XS
SM
MD
LG