Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

КВОРУМДУН ЖОКТУГУНАН ПАРЛАМЕНТТЕ АКАЕВДИН АРЫЗЫ КАБЫЛ АЛЫНБАЙ КАЛДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бир палаталуу парламентте кворумдун жоктугунан кызматтан четтетилген Аскар Акаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу тууралуу арызы 5-апрелде каралган жок. Маселени кароо 6-апрелге жылдырылды. Жыйында сөз сүйлөгөн айрым депутаттар Аскар Акаевдин кызматын тапшыруу арызын кабыл албай, ага импичмент жарыялоо жолу менен кызматтан кетирүү демилгесин көтөрүштү. Айрым депутаттар мындай демилгеге макул болгон жок

Парламенттин бул күнкү отурумунда Аскар Акаевдин кызматтан кетүү боюнча арызы жана анын элге болгон кайрылуусу уктурулаары маалымдалган. Буга байланыштуу парламент имаратына эл аралык массалык маалымат каражат, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү жана саясатка кызыккан атуулдар көп келишип, журналисттерге бөлүнгөн зал опур-топур адамга толуп кетти. Аңгычакты залда отурган депутаттарды каттоо жүргүзүлдү. Квордумдун жоктугунан отурум улантылган жок. Учурдан пайдаланган айрым депутаттар борбордук трибуна чыгышып, карала турган маселер боюча өз оюн айтышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн депутаттардан эки түрдүү сунуш түштү. Дооронбек Садырбаев жана башка депутаттар Аскар Акаевдин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү боюнча арызын салтанатуу түрдө кабыл алып, мындай иш чараны теле, радиодон коомчулукка түз көрсөтүүнү сунуштады:

-Аскар Акаевдин арызын кабыл алуу иш чарасы бүгүн түштөн баштап, бүткүл радио теле каналдар аркылуу жарыялансын. Эртең жарыялансын. Андан соң бүрсүгүнү саат тогуздан баштап, парламентте карайлык.

Дооронбек Садырбаевдин мындай сунушуна депутат, Башкы прокурордун кызматын аткаруучу Азимбек Бекназаров четке какты. Ал Аскар Акаевге он беш жылдык өлкөнү башкарган мезгилдеги жасаган мыйзамсыз аракеттери жана оор мезгилде өз өлкөсүн таштап кеткендиги үчүн импичмент жарыялоо сунушун айтты:

-Акаевдин арызын кабыл албаш керек. Конституцияга ылайык ага импичмент жарыялаш керек. Анткени оор мезгилде элин, мамлекетти таштап кетти. Ал элди мындай оор абалга таштабаш керек эле.

Ушундай пикирин билдирди Азимбек Бекназаров. Көп өтпөй жарым саат тыныгуу жарыяланды. Дагы эле кворум жок болгондуктан маселени кароо 6-апрелге жылдырылды. Ушул эле күнү биз айрым депутаттарга Аскар Акаевге импичмент жарыялоо керекпи же анын арызын кабыл алуу зарылбы деген суроо узаттык:

-Мен Акаевдин арызын кабыл алуу сунушун колдойм. Айрымдар импичмент маселесин көтөрүшүүдө. Андай жол менен барсак анын жолу абдан узак. Ал үчүн Конституциялык сот аркылуу анын күнөөсүн далилдеш керек. Айтор көп иш чараларды аткаруу зарыл. Учурдагы кырдаалды эске алганда андай кадамдарга барбаш керек.

Сооронбай Жээнбековдун жогорудагыдай пикирине айрым депутаттар макул эмес. Маселен Исках Масалиев Аскар Акаевге импичментти парламентте кыска мөөнөттө эле жарыяласа болот дейт:

-Чынында Аскар Акаевге импичмент жарыяланды. Анткени эл аны бийликтен кетирүүгө аргасыз кылды. Эми ошол импичментти парламентте карап эле добуш менен бекитип коюш керек. Ошондуктан, анын колунан арыз алуунун зарылдыгы жок болчу.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин имарат алдында бейөкмөт уюм жана айрым саясий партиялардын өкүлдөрү нааразылык иш чарасына чыгышты. Алар парламенттен Аскар Акаевдин арызын кабыл албай ага импичмент жарыялап, Акаев жана анын айрым үй-бүлөө мүчөлөрүнө кол тийбестик ыйгарым укук, мамлекеттик камкордукту камсыз кылуучу экс-президент тууралуу мыйзамды жокко чыгарууну талап кылышты.

XS
SM
MD
LG