Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:57

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ БАШКАРУУНУ ЖАҢЫЛАЙБЫ?


Бурулкан Сарыгулова, Бишкек. Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын Конституциялык кеңешме түзүү сунушу саясий чөйрөдө ар кыл пикирлерди жаратууда. Демилгечи тарап жаңы Конституция кабыл алмайынча мамлекетти башкаруунун жаңы системасын калыптоо мүмкүн эмес деп эсептейт. Бирок, мындай сунушка ириде таасирдүү саясатчылар астейдил мамиле жасашууда.

Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекованын Конституциялык кеңешме түзүп, Баш мыйзамдын 1993-жылдан берки варианттарын кайра кароодон өткөрүү демилгеси кызуу талкууга түшө элек. Айрым байкоочулар президенттик шайлоонун алдында, ыңгайсыз учурда көтөрүлгөн демилге болгону үчүн саясатчылар аяр мамиле жасап турушат деп жатышат. Ал эми президенттин милдетин аткарып жаткан премьер - министр Курманбек Бакиев дароо эле мындай демилгенин орунсуздугун белгилеген пикирин билдирди. Бакиевдин оюнда азыр Конституцияга өзгөртүү киргизүүчү учур эмес, анын үстүнө Баш мыйзамды толугу менен өзгөртүү демилгесин жактабайт:

- Президенттик шайлоо бүткөндөн кийин, жаңы президент ишин баштагандан кийин Конституцияны да карашыбыз керек, туура, өзгөртө турган беренелер бар, бирок, бизде бир саясат болушу керек. Муну ар жылы же беш жылда бирден эле өзгөртө бергенде туура эмес.

Анткен менен Чолпон Баекованын өзүнүн негиздемелери бар. Анын оюнда, айрыкча акыркы окуялар Кыргызстандын баш мыйзамындын күмөн туудурган жактары өтө көп экендигин тастыктады. Айрыкча, 2002-жылкы акыркы өзгөртүү бир кишинин кызыкчылыгына кызмат кылгыдай жагдайды түзүп, анын кесепети 24-25-марттагы окуялардан көрүндү:

- Мурдагы Конституциялык кеңешменин алдыга койгон сунуштары, максаты ишке ашпай калган. 24-25-мартта Бишкекте болгон окуянын бардыгы ошол күндөн берки эл ичинде сакталып келаткан, ишке ашпай калган армандардын бириби деп ойлоп атам.

Баекова Конституциялык кеңешме, анын алкагында чыныгы көз карандысыз эксперттер тобун түзүп, ага Баш мыйзамды кайра карап чыгууну тапшыруу керек деген ойдо. Анын пикиринде, азыркы кырдаалда эң ириде бийликтин тең салмактуулугун калыбына келтирүү зарыл. Бул жагынан легендарлуу парламенттин депутаттары 1993-жылкы Конституцияны эгемендүүлүк жылдары жазылгандардын мыктысы катары санашат. Легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкуловдун пикиринде, тилекке каршы ал мыйзам кезинде колдоо таппай калган жана анын өзгөрүшүнө Конституциялык Сот да таасир эткен. Эми ал катачылыктарды түзөө үчүн Конституциялык реформаны улантуу мезгилдин шарты, бирок, Кыргызстанда мыйзам кабыл алуудан эмес, аны аткаруудан көбүрөөк көз каранды дейт Шеримкулов:

- Бирок, жазылган нерсенин бардыгы эле бир жагында калып калып эле, бир кишинин эле бийлиги жүрүп кетип атпайбы. Конституцияны карап да койбойт экен да кээ бир убакта.

Шеримкуловдун оюнда мындай учурда парламенттик-президенттик башкаруу системасы деле огожо боло албай калышы ыктымал. Бир кишинин бийлик үстөмдүгүн токтотуу, регионалдык кызыкчылыктарга байланышкан маселелерди жөнгө салуу өңдүү кризиске кирептер кылчу өңүттөрдү жөнгө салуу үчүн Кыргызстанга жасалма эмес, чыныгы президенттик-парламенттик башкаруу керек экенин «Менин өлкөм» саясий партиясынын төрагасы Жоомарт Оторбаев да билдирди:

- Парламент менен өкмөт президенттен макулдук алышы керек. Бирок, президент караманча эле Англия Королевасындай болбошу керек. Бизде бир гарант, арбитр болушу керек. Бирок, азыркыдай эмес. Бардыгын менчиктештирген моделдин бизге кереги жок. Азыркы кризис муну түз эле көрсөттү.

Оторбаев ошондой эле чукул Конституциялык кеңешме түзүп, аны ишке киргизүү демилгесин колдойт. Анын оюнда, мындай аракет келерки президенттин, президент болом деген саясатчылардын да жоопкерчилигин арттырып, Кыргызстандын келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылууну шарттайт. Мындай негиздемени Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Конституциялык кеңешме түзүү демилгесине байланыштуу уюштурган маалымат жыйынында билдирген.
XS
SM
MD
LG