Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:13

АРАП АКЫЛМАНДАРЫ МОНАРХИЯЛАР МЕНЕН АКШны АЙЫПТАШТЫ


Венера Жумакадыр кызы, Прага Арап өлкөлөрү жакын арада демократиялык реформаларды ишке ашырбаса, ири социалдык жарылууларга туш болушу мүмкүн. Шейшембиде жарыяланган арап интеллигенттеринин жаңы докладында ушундай тыянак жасалат. "Арап өлкөлөрүндөгү адамдык өнүгүү" деп аталган докладда чөлкөмдө жарандардын эркиндигин, өкмөттөрдүн адилет башкаруусун орнотуу зарыл деп белгиленген.

Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын колдоосу астында ушуну менен үчүнчү жолу даярдалып жаткан докладда арап интеллигенттери өз өлкөлөрүндөгү саясий түзүлүштөрдү "караңгы үңкүр" деп аташкан. "Бүткүл чөлкөмдө бийликтин баары атадан балага мураска өтүп келаткан монархиялардын, элдин эрки менен эсептешпеген диктатор жетекчилердин, же эч бир атаандашсыз тандалган президенттердин колунда топтолгон. Мындай абал коомдо кандайдыр өзгөрүү, же алдыга жылыш болушун көздөй жолду эч жылчыксыз бүтөп салган", - деп белгилешет арап интеллигенттери.

Окумуштуулар, маданий жана коомдук ишмерлер биргелешип жазган ал докладдын авторлорунун бири, Каир университетинин профессору Ахмед Камал Абулмагд буларга токтолду.

- Биздин айткандарыбыздан бир олуттуу жыйынтыктар жасалып, өкмөттөрдүн ишин жакшыртуу, адам укуктарын урматтоо жагынан кепилдиктер камтылган атайын план иштелип чыгышы керек, ошондо гана абалдын оңолушуна алып барчу алгачкы шарттар түзүлөт.


Каирдик профессор белгилегендей, "Арап өлкөлөрүнүн адамдык өнүгүүсү" аттуу докладда чукул арада чөлкөмдө сөз эркиндиги, көз караштар эркиндиги, эл тарабынан шайланган депутаттар, көз карандысыз соттордун ишке киришүүсү, ар кандай басмырлоону токтотуу зарыл деп басым жасалат.

Докладда Оман мамлекетинде аялдар добуш берип, шайлоого талапкер катары катышканы, Алжирде президенттик шайлоо атаандаштык негизде өткөнү, Мароккодо аялдардын укуктарын коргоого алган мыйзам кабыл алынганы жакшы жакка өзгөрүүнүн жышааналары катары колдоого алынып, бирок алар "жетишсиз кадамдар" катары бааланган.

Мисирдик профессор Абулмагд арап чөлкөмүндөгү өзгөрүүлөр өтө жай, узак убакытта барып ишке ашаарына нааразы экенин жашырбайт.

- Бул толкун, бирок толкундун башталышы гана, адам укуктары ар тараптан коргоого алынышы керек. Арап өлкөлөрүндө айрым жылыштар башталды, бирок бул биз күткүндөн, үмүт кылгандан алда канча аз, ошентсе да көпчүлүк арап өлкөлөрүндөгү жагымдуу көрүнүштөрдү таап көрсөтүүгө аракет кылдык. Өзгөрүүлөр мамлекеттик деңгээлде жүзөгө ашырылса гана чоң жылыштарды күтүүгө болот, - дейт Каир университетинин илимпозу.


Арап интеллигенттери даярдаган докладда АКШнын дарегине айрым сын пикирлер айтылган. "Вашингтондун Ирактагы аракеттери, Израилди колдогон саясаты, коопсуздукту бекемдөө максатында деп жалпы араптарды кодулаган чараларды киргизгени – арап чөлкөмүндөгү өнүгүүгө бут тосууда", - деп белгиленет докладда.

XS
SM
MD
LG