Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

КРЕМЛЬ ОРУСИЯ ЧАЧЫРАП КЕТИШИ МҮМКҮН ЭКЕНИН ЭСКЕРТТИ


Орусияда бирдиктүү мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучу бар. Мындай эскертүү азыр Орусия президентинин администрация башчысынын кызматында турган Дмитрий Медведев тарабынан айтылды. Анын пикиринде, өлкөнүн чачырап кетишине жол бербеш үчүн элита өкмөттүн айланасына биригүүсүнө жетишүү керек. Кремлдеги жогорку кызмат ээсинин жогорудагыдай кооптонуусу анын себептерине байланышкан түрдүү жоромолдорду жаратууда.

Президенттин администрация башчысынын кызматында турган адам Орусияда бийликтин көшөгө артындагы ээси катары эсептелет. Андыктан Дмитрий Медведевдин Москвада чыгуучу "Эксперт" журналында апта башында жарыяланган маеги чоң кызыгууну жаратканынын жүйөөсү ушунда. Анын үстүнө Медведев президенттик администрация башчылыгына дайындалган 2003-жылдан бери көз карашын коомчулукка алгач билдирип жатат.

Ал кеңири интервьюсунда бир катар маселелерди камтыган. Бирок андагы маанилүү жана кызыктуу нерсе Орусиянын регионалдык элтасын өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо үчүн Кремлдин айланасына баш кошууга чакыргандыгы. Медведев муну өлкөнүн алдында турган биринчи проблема деп атайт. Эгер мамлекет бул проблеманы чече албаса, анын кесепеттери опурталдуу болот. Мурдагы Советтер союзунун чачыроосуна токтолуп, Дмитрий Медведев аны азыркы Орусиянын чачыроосу менен салыштырганда "бала –бакчадагы оюндай" деп атаган.

Орусия соңку жылдары салыштырмалуу стабилдүүлүктү жана экономикалык өнүгүүнү баштан кечирип жаткан эле. Бирок Медведевдин сөздөрүнө караганда, алдыда мындай сценарийдин уланышы күмөндүүдөй. Айрым комментаторлор президенттин администрация башчысы жогорудагыдай эскертүү менен эмне үчүн дал ушул учурда чыкканына таң калып жатышат.

Оппозициядагы "Яблоко" партиясынын төрага орун басары Сергей Митрохиндин пикиринде, Кремлди өлкөнүн сыртындагы окуялар, атап айтканда Украинадагы саргылт ыңкылап кооптонткон болуу керек:

-Азыр Кремль чаташып калды. Тышкы жана ички саясаттагы соңку бир катар ийгиликсиздиктер, албетте, кооптонууну жаратпай койбоду. Балким бул Украинадагы окуялар менен байланышта. Кремль кырдаалды көзөмөлдөөгө жөндөмсүз экенин көрүүдө жана украин сценарийинен ачык чоочулап жатат. Кээде андай чоочулоолордун негизи жок. Анткен менен ар бир коркунучтун өз жашоосу бар. Менимче Кремль ушул коркунучтарды кабылдап алган жана Орусиянын алдындагы чакырыктарга жооп берүүгө даяр экенин көргөзүүгө аракеттенүүдө.

Орусиядагы пенсионерлердин, башка топтордун өкмөттүн социалдык чөйрөдөгү реформаларына каршы жыл башындагы демонстрациялары калк нааразылык акциялары тез эле уюша аларын көргөздү. Ал эми Грузия, Украина андан кийин Кыргызстандагы окуялар кыжырданган калк эмнеге бара аларын далилдегенсиди.

Москвадагы Карнеги борборунун аналитиги Николай Петровдун айтымында, ушул нерселер Кремлди биримдик жөнүндөгү идеяны жаратып, анын чөлкөмдүк губернаторлордон аткарууну талап кылуусун шартоодо. Бирок ал Медведевдин сөздөрүнө ишенбегенин айтат:

-Бул элди тынчтантуу, Кремлде азыркы саясат жана келечек боюнча пикир-келишпестик жок экенин көргөзүү деп ойлосок болот. Бирок жалпы таасирин алсак жөн эле тегиз боштук.

Айрымдар президенттин администрация башчысы биримдикке, стабилдүүлүктү сактоого чакырганы менен Кремль иш жүзүндө соңку кездери өзү өлкөнүн дестабилдештиргедий кадамдарга барганын белгилешет.
Маселен "ЮКОС" мунай компаниясы талкалангандан бери ишкерлер арасында тынчыздануу өкүм сүрүүдө. Президент Путин өзү өткөн айда бизнес лидерлер менен кездешип, менчиктештирүү боюнча иштердин басымдуу бөлүгү кайра каралбай турганына ишендирди. Орус өкмөтү да ишкерлер үчүн болжоого боло тургандай чөйрө орнотоорун айтып келүүдө. Бирок өкмөт экономиканын стратегиялык секторлорун кайрадан улутташтыруу боюнча кадамдарга барышы мүмкүн деген жоромолдор токтой элек.

Кремлдин өлкөнүн дестабилдештирүүчү кадамдарына соңку саясий реформаларды кошкондор да бар. "Яблоко" партиясынын төрага орун басары Сергей Митрохиндин пикиринде, Кремлдин демократиянын эсебинен бийликти борборлоштуруу идеясы Орусиядагы стабилдүүлүк жана аймактык бүтүндүк үчүн чоң коркунуч:

-Кремль федерализм институтун бузуу менен өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактай ала турган жалгыз институтту жок кылууда. Кремлден эле бардык маселени чечүүгө болот деген ой чоочулатат. Акылдуу адамдарды бардык маанилүү кызматтарга дайындап коюуга, атуулдарды бийликти шайлоо укугунан ажыратууга болот. Мунун баары Кремль ылайыксыз саясат жүргүзүп, өлкө менен байланышты жоготуп жатканын каңкуулоодо.

Көпчүлүк эксперттер Чеченстанда токтобой жаткан согуш, эгер Түндүк Кавказга жайылып кетсе, ал өлкөнүн биримдигине чоң коркунуч дешет. Бирок Кремлдин администрация башчысы Дмитрий Медведев интервьюсунда согуш жөнүндө эскерген эмес. Мунун ордуна Орусия Ыраакы Сибирь менен Ыраакы Чыгыш чет элдиктердин колуна өтүп кетпеш үчүн ал аймактардагы калктын саны кыскаруусун алдын алыш керектигине токтолгон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG