Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

КЫРГЫЗСТАН ЫҢКЫЛАБЫНАН ТААСИРДЕНҮҮ


Муса Мураталиев, Москва. Кыргызстандагы ыңкылаб бул күндөрү орусиялык саясий анализчилер арасында көп айтылуучу кепке айланды дешет. Алар Кыргызстандагы ыңкылабды Украина жана Грузияда ыңкылабдарга салыштыра келип алар окшош эмес деп белгилешүүдө. Андай ойду, маселен, Борборазия жана Кавказ жерлеринде өлкөлөр боюнча эксперт, тарых илимдердин доктору Артем Улунян айткан. Орусиялык илимпоз менен биздин кабарчы Муса Мураталиев маектешет

ММ: - Кыргызстанда, Акаев кызматтан кетти. Мунун себебин ар түрдүү чечмелеп атышат. Буга сиздин пикир кандай?

АУ: - “Кайсы бир деңгээлде Кыргызстанда кабинеттик ыңкылаб ишке ашты. Эмне дегенде, кийинки жылдары пайда болгон Кыргызстандагы кыйын кезең элдин нааразылыгын туудуруп анын арты барып кыймылга айланып, анан анын толкуну Акаевдик номенклатура тобун (бийликке – ММ) алып келди. Алар, кезегинде Акаев тараптан сүрүлүп ташталгандар болушкан жана өлкөдө кыйын кезеңден улам Акаевге наарызы болгондор тобу болду”.

ММ: - Эми, болор иш болду дейличи, мындан аркы абал кандай багытта өнүгүшү мүмкүн?

АУ: - “Менин баамымда, Кыргызстанда жагдай үч багытта өнүгөт. Биринчи багытта өнүгүү - кабинеттик ыңкылабды чыгаргандар ымаласында ырааттуулук орносо гана болот. Элита андай грузиялык жолго түшөт. Кызмат талашуудан баш тартышат. Кандайдыр бир олуттуу карама-каршылыкка барышпайт. Экинчи багытта өнүгүү – менин байкашымча, Кыргызстан ыңкылабы ушул багытта өөрчүп бараткансыйт – алдыда кризистен чыгуу учурунда ыңкылаб үстүндө биригишкен топ ич ара кармаша баштайт. Азыркы тушта Кыргызстанда чынында эле саясий жетекчилер эки тобу бар. Алардын бирин Феликс Кулов башкарат. Экинчисин, менимче, акыры келип, Роза Отунбаева жетектейт. Эмне дегенде, Акаевдин режимин биротоло каршы чыккан жана ал режимди катуу сынга алган жетекчи дал ошол Отунбаева болду. Үчүнчү багытта өнүгүү оор окуяларды дуушар кылат. Менимче, азыр бийликти алган жетекчилер алмашышы, андан да жаманы алардын ич ара кармашы болот. Анын арты келип акыры көзгө илээшпес бийлик талашуну жаратат. Алдыда президентти шайлоо турганда, мындай жолго түшүү бир да тарапка пайда алып келбейт. Андай кармаштан жоогазым ыңкылабын башкарып бийликке келгендер үчүн да элге да пайда жок”.

ММ: - Кыргызстандагы ыңкылабга эмнегедир орусиялык жетекчиликтен кескин кеп, коркуптуп – үркүтүү болгон жок. Мунун себеби эмнеде дейсиз?

АУ: - “Чындыгында, орусиялык жетекчиликте (Кыргызстандагы – ММ) жагдайды басуу үчүн Абхазияда пайдалангандай аракет жазоо кеби болуптур. Оппозиция менен бийликти эпке келтирип туруп, режимди өзгөртүп, арабөк жол табуу аракетин жазамак болушкан. Ошон үчүн Орусия ырасмий түрдө кандайдыр бир билдирүү жазоодон баш тарткан”.

ММ: - Сиздин пикир боюнча, Кыргызстанда окуялардын маанилүү жагы эмнеде?

АУ: - “Азыркы тушта КМШ мейкиндигинде ылгый эле бир ыңкылаб агымы жүрүп атат дешет. Ал туура эмес. Чындыгында эки түрдөгү ыңкылаб жүрүп атат. Бири Украндык же Грузиндик ыңкылабдар турмушка ашырылышы. Ошондой эле абдан катуу түрдөгү, айталы, Кыргызстандагы ыңкылабдын турмушка ашышы – бул экинчи түрү. Азыркы тушта КМШдагы өлкөлөрдө, айрыкча Борборазиядагы өлкөлөрдө жаңыча жол тандоого чыгып атышат. Алар же режимди өзгөртүү же аны кулатуу жолуна түшүп атышат. Менин баамымда, алар акыры аны кыйла олуттуу коомдук тартип бузуу менен турмушка ашырышат. Кыргызстандын тажрыйбасы, жоогазым ыңкылабынын тажрыйбасы тилекке каршы, ушундай, анча жайдары эмес жыйынтык чыгарууга негиз берет”



Муса Мураталиев
XS
SM
MD
LG