Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

Жогорку сот бүгүн эртең менен Бишкек гарнизондук аскердик соту 2000- жылы 11- сентябрда чыгарган өкүмдү кайрадан кароону баштады. Ал эми түштөн кийин Бишкек шаардык соту тарабынан 2001- жылы 8- майда чыгарылган өкүмдү кайра карап чыгаары күтүлүүдө.

Башкы прокуратура кийинки жаңы жагдайларга байланыштуу Феликс Куловдун иши боюнча Жогорку сотко билдирүү жолдогон. Ага чейин БУУнун адам укугу боюнча комитетинен Кыргызстан бийлигине өтүнүч нотасы келген. Анда кыргызстандык соттор Феликс Куловго өкүм чыгарууда эл арлык укуктук нормаларды эске албагандыгы айтылган. Куловдун ишин судья Низамидин Азимжанов карап жатат. Феликс Кулов тараптан адвокат - Любовь Иванова. Сот жараянында Феликс Кулов өзү сөз сүйлөп, Акаевдин бийлиги тарабынан жасалган саясий заказ катары баалады.
XS
SM
MD
LG