Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

НАРЫНДА НААРАЗЫЛЫК ЧАРАСЫ ӨТТҮ


5-апрелде Нарын шаарында эки жүзгө жакын адам шаардын борбордук аянтына нааразычылык акция өткөрдү. Алардын мындай толкундоолоруна Нарын шаардык соттун чечими негиз болгон. Ал эми 6-апрелде болсо Атбашы айылында митинг өткөрүлүп, анда район акими Адыл Сайдинов 5-апрелде кысым аркылуу кызматтан кетүү арызын жазган деген пикирлер жана элди ынтымакка үндөгөн чакырыктар айтылды.

Нарын шаарынын тургундары Кундуз Осмонова жана Бакыт Рысбеков Нарын шаардык сотуна арыз жолдошуп, анда №33 Нарын аймактык шайлоо округунда 20-мартта болуп өткөн шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну суранышкан.

Сот отуруму төрт күнгө созулуп, акырында судья Замира Амиракунова аталган округда шайлоо кайрадан өткөрүлсүн деген чечимге келген.

20-марттагы шайлоодо жеңип чыккан Карганбек Самаковдун жактоочулары нааразычылыктарын билдиришип борбордук аянтка чыгышты. Ал эми саналуу мүнөттөн кийин губернатор чыгып кайрылуу жасады:

- Бул акыркы инстанция эмес, биз жеткирчү инстанцияларга жеткиребиз, Жогорку сот деген бар. Ал жерде бир киши чечпейт, соттун коллегиясы чечет.

Бирок эл тарабай облуста жумушчу топ менен иш сапарда жүргөн Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин биринчи орунбасары Камбаралы Касымовдун келишин талап кылышты.

Камбаралы Касымов эл алдына чыгып сөз сүйлөдү:

- Кочкордо акыбал өтө оор. Андай акыбалга барбаңыздар. Бул иш бир инстанция менен эле чечилбейт. Соттун экинчи инстанциясы бар. Жогорку сот деген турат, - деп пикирин айтты Камбаралы Касымов.

6-апрелде болсо Атбашы айылында беш жүзгө жакын адам күбө болгон митинг болуп өттү.

- Акимди шайлап атышат Айдаралиев Мукан болсун деп. Айдаралиев Муканды биз шайлабайбыз. Атбашы районунун эли чогулуп акимди бюллетен менен шайлайбыз. Элүү-алтымыш кишинин эле айтуусу боюнча аким шайланып калбайт.

- Шайлоонун шайтан оюну туура эмес кылды. Мен Аскар Салымбековго, Касиев экөөнө тең тартпайм. Мен Атбашынын тургунумун, бул жерде турган элге калысмын. Ушул жерде мен 28 жыл иштедим, чоңдор эмнени гана кылган жок. Эл байкуш баарына чыдайт экен. Суусу кетти сай калды. Сырттан келип иштеди, жеди, кетти баары.

Айрым тургундар болсо өтүп жаткан митингдеги айтылгандарга каршы пикирлерин билдиришти:

- Биз нааразы болуп атабыз. Бул жерде болуп жаткан митинг туура эмес. Бул жерде бүт акчага сатылган адамдар.

- Мен Акмоюн айылынын жашоочусумун. Бул шайлоо негизинен туура болгон жок, бүт акчанын күчү менен болду. Ошондуктан эл наарыз болуп атат.

Бүгүнкү митингде Элдик кошуун түзүлүп, аким Адыл Сайдиновду кызмат ордунда калтырышты.

- Жаңы бийлик стабилдүүлүктү, тынчтыкты камсыз кылууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын эске алып, коомдук абал мындан ары дагы ырбап кетпешин алдын алуу максатында мамлекеттик бийликке чыныгы жардам берүү ниетибизди билдирип, биз бүгүндөн баштап Атбашы районунун Элдик кошунун түзгөнүбүздү билдиребиз - деди Атбашы айылынын акими.

Ал эми Нарын облустук акимчиликти 6-апрелде Карганбек Самаковдун жактоочулары бир нече саат ээлеп турушту.

XS
SM
MD
LG