Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

АКШнын АТУУЛДУК МЫЙЗАМЫ АР БАШКА ПИКИР ЖАРАТУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 5-апрелде АКШнын Укук министрлиги жана Федералдык тергөө бюросу Конгресске кайрылып, мындан үч жыл мурда кабыл алынган Атуулдук мыйзамынын мөөнөтүн узартууну суранды. 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы жасалган террордук аракеттерден кийин кабыл алынган ал мыйзам тартип коргоо уюмдарына бир топ кошумча укук берген, бирок адам укуктарын коргогон жана башка бир топ бейөкмөт уюмдар аны сынга алып келет.

Бул мыйзам боюнча АКШнын тартип коргоо жана чалгындоо уюмдары кошумча укук алган, бирок мыйзамдын кээ бир бөлүктөрү коомчулук тарабынан катуу сынга алынып келет. Өлкөнүн беш штаты бул мыйзамды өз аймагында жокко чыгарган өзгөчө эрежелерди кабыл алууга чейин барган, ал эми дагы 43 штаттын ичинде 375 ар башка уюм жана коомдук бирикме анын күчүн чектеген чечимдерди кабыл алган.

Мыйзамдын коомчулук тарабынан эң көп сындалган бөлүктөрүнүн бири "китепкана шарттары" деп да аталып кеткен, ал шарттар боюнча тартип коргоо уюмдары шектелген адамдардын ооруканада жаткандагы же китепканада кандай китеп алып окуганы тууралуу маалыматтарды да чогултууга укуктуу болгон. Анткен менен мыйзамдын андай бөлүктөрү убактылуу гана кабыл алынган жана алардын күчү үстүбүздөгү жылдын декабрында аяктайт.

Бирок 5-апрелде укук министри Алберто Гонзалес жана Федералдык тергөө бюросунун деректири Роберт Мюллер Конгресске кайрылганда, мыйзамдын андай убактылуу шарттарынын мөөнөтүн дагы узартууну суранды. Гонзалестин айтымында, үч жарым жылдын ичинде андай шарттар болгону 35 жолу гана колдонулду жана китепканалардан эч кандай маалымат алынган эмес. Аны менен катар министр Гонзалес сенаторлорго кайрылып, алар мыйзамдын кайсы бир бөлүктөрүн өзгөртүүнү кааласа, өкмөт андай мүмкүнчүлүктү караштырууга даяр экенин билдирди. Мурдагы министр Жон Эшкрофт андай кадамга баруудан такай баш тартып келген.

Укук коргоочулар сынга алган мыйзамдын эң негизги бөлүктөрү болсо - шектүү деп кармалган адамдар АКШнын аймагынан сырткары камалып, аларга карата америкалык мыйзамдар колдонулбай жатканы менен байланыштуу. Эгер АКШ мыйзамдары пайдаланылса, туткундар америкалык шарттарда кармалып, аларга каршы эч кандай кыйноо же уруп-сабоо колдонулбайт болчу. Бирок террорчулуктан шектелип колго түшкөндөрдүн көпчүлүгү азыр Куба аралындагы Гуантанамо же Ооганстан аймагындагы абактарда же дагы башка ушу сыяктуу жерлерде кармалат жана аларды жергиликтүү бийликтер сурап-тергегендиктен, алар кыйналып-сабалат, америкалык жетекчилик болсо андай фактыларга АКШнын эч тийешеси жок экени тууралуу айтат.

Гонзалестин айтымында, туткундар кайсы бир башка мамлекетке жиберилгенде, АКШ ал өлкөлөрдүн жетекчилигинен кармалгандар кыйналбай тургандыгы жөнүндө милдеттенме-убада алат. Бирок талкуу учурунда сенатор Патрик Лихи министр Гонзалестен - эгер андай убаданы Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейн берсе, силер ага да ишенет белеңер деп сурады. Саддам жакшы мисал эмес ко деп министр жооп бергенде, сенатор - туткундар чындап эле жиберилип жаткан Өзбекстандын мисалын келтирип, мындан бир эле ай мурда АКШнын Мамлекеттик катчылыгы Өзбекстан тууралуу эмне деп жазганын окуп берди:

- Өзбекстандын милициясы, түрмө кызматкерлери, Улуттук коопсуздук кызматы туткундарга каршы муунтуу, электр кубатын, зордуктоону жана башка кыйноолорду колдонот, эң кеңири тараган адат болсо - уруп-сабоо, бийлик аны такай жана туруктуу колдонот. Биз туткундарды кыйнабайбыз деп айткан өзбек бийлигине силер ишенесиңерби? - деп сурады сенатор.

Министр ага - өзбек бийлигинен атайын убада алынат деп жоп берди, бирок ошол эле күнү эки сенатор - Ричард Дөрбин жана Ларри Крейг - Атуулдук мыйзамынын кээ бир шарттарын чектей турган атайын мыйзам долбоор даярдай турганын жарыялашты.
XS
SM
MD
LG