Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:40

МИСИРДЕГИ СТУДЕНТТИК ТОЛКУНДООЛОР


Нарын АЙЫП, Прага 5-апрелде Мисирдин төрт университетинин студенттери митинг өткөрүп, өлкөдө кеңири демократиялык өзгөрүүлөрдүн башталышын талап кылды. Кошуна Ливанда андай демонстрациялар бир айдан ашык убактан бери өтүп жатат жана кээ бир эксперттердин пикиринде, Жакынкы Чыгыш мамлекеттери олуттуу саясий реформаларды баштоого бышып жетилди.

5-апрелде Каир шаарындагы Ал-Ахсар аттуу эң чоң университеттин төрт миңге жакын студенти ири митинг өткөрүп, Мисирде демократиялык реформаларды баштоону талап кыды. Ошол эле күнү шаардын Аин Шамс деген университинин дагы бир миңдей студенти ошондой эле талап менен митингге чыкты. Студенттик кампустун короосунун дарбазаларын миңдеген полиция кайтарып, митингчилерди көчөгө чыгарган жок, бирок өлкөнүн дагы эки шаарында да студенттик толкундоолор болду.

Өлкөнү 1981-жылдан бери президент Хосни Мубарак жетектейт жана мурда ар бир президенттик шайлоого ал өзү жалгыз талапкер болуп катышчу, мындан эки ай мурда болсо Мубарак жаңы демилге менен чыгып, быйыл күзүндө өтө турган кезектеги президенттик шайлоого эки талапкер катышууга тийиш деп жарыялаган.

Кээ бир эксперттердин пикиринде, АКШнын жаңы тышкы саясатынан улам, Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин эли көп жылдарга уланган авторитаризмден ойгонду жана ошондуктан демократиялык реформаларды талап кылууда. Ливандагы митинг-демонстрациялар февралдын ортосунан бери уланууда, Сауд Арабия падышалыгында февралда өлкөнүн тарыхындагы алгачкы шайлоо өткөрүлдү, Иракта 30-январда парламенттик шайлоо болуп өттү, кошуна Иранда дагы мезгил-мезгили менен студенттик демонстрациялар болуп жатат.

Лондон шаарында жайгашкан Араб жана Иран таануу борборунун деректири Алиреза Нуризаденин айтымында, коомдук пикир акыркы мезгилде өзгөрө баштады жана Жакынкы Чыгыш элдери демократиялык реформаларга даяр:

- Ливан биринчи болот, анткени демократиялык реформалар үчүн Ливанда жетиштүү негиз бар - өлкөнүн парламенти да, президенти дагы эл тарабынан шайланган. Араб дүйнөсүндө жогорку мааниге ээ Мисирде дагы жетиштүү деңгээлде жарандык коом түзүлгөн, саясий партиялар менен эркин басма сөз салыштырмалуу өнүккөн.

Нуризаденин пикиринде, кошуна Йордания, Бахрейн жана Сауд Арабияда дагы коомдук мүдөө демократияга бурула баштады, бирок башка эксперт, Эл аралык кризис тобунда Жакынкы Чыгыш боюнча программаны жетектеген Жуст Хилтерманндын айтымында, Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде азыр реформа талап кылып жатан күчтөр демократиялык экенине ал көп ишенбейт:

- Жакынкы Чыгыштагы бардык оппозициялык күчтөр такай демократия жөнүндө сүйлөйт, алардын бийликке келүү ыкмасы ошол. Бирок алардын демократиялык баалуулуктарды сыйлаганы канчалык чын экени чоң маселе, чындап айтканда, ал жокко эсе. Эл арасында демократияга умтулуу күчтүү, бирок эч кандай демократиялык тажрыйба жок. Ошондуктан жакын арада бул мамлекеттердин кайсы биринде бийликке демократиялык топ келээрине ишенүү кыйын.

Анын айтымында, региондогу кээ бир өлкөлөрдө айрым топтор чындап эле демократиялык өзгөрүүлөрдүн башталышын каалайт, бирок андай күчтөр азырынча бирин-серин жана алсыз, алар жетиштүү деңгээлге өнүгүп жете элек. Анткен менен, албетте, башка өлкөлөрдө болуп жаткан өнүгүүлөр тууралуу уккан жана көргөн эл бизде да ошондой болсо деп эңсейт, бирок жетиштүү негиз болбогон соң, андай өзгөрүүлөрдү жасалма түрдө ишке ашыруу өтө кыйын.

XS
SM
MD
LG