Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:58

Жогорку Кеңеш А.Акаевдин кайрылуусун жана арызын 7- апрелде жарыялайт


БИШКЕК. 6-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда спикер Өмүрбек Текебаев депутаттык топтун Москвадагы иш сапары тууралуу кыскача маалымат берди. Анын сунушу менен кызматынан четтетилген президенттин отставкасын кабыл алуунун жол- жобосун тактаган токтом кабыл алынды. Ал эми экс-президент Аскар Акаевдин видеотасмага жазылган кайрылуусу жана кызматтан кетүү тууралуу арызы 7-апрелде карала турган болду. Бул иш чара Улуттук телерадиокорпорациясынан түз эфирде көрсөтүлүп, Конституциялык жана Жогорку Соттордун, саясий партиялардын,бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүшү күтүлүүдө. Ушул эле күнү депутаттар “Жогорку Кеңештин имаратынын коопсуздугу боюнча” токтом кабыл алышты. Парламент аралык байланыштар, эл аралык иштер, коомдук жана диний уюмдар менен боюнча комитеттин төрагасы болуп №33 Нарын шайлоо окуругунун депутаты Карганбек Самаков шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG