Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Таластагы депутаттык мандатты талашууга чекит коюлду


ТАЛАС. Облустук администрациянын имаратынын алдына чогулган шайлоочулар алдына №55 Бакайата шайлоо округу боюнча депутаттык мандат үчүн атсалышкан Жусуп Иманалиев, Равшан Жээнбеков, биринчи-вице премьер министр Ишенбай Кадырбеков, Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары Болот Шерниязов келишти. Жусуп Иманалиев, Болот Шерниязов жана Ишенбай Кадырбеков шайлоочуларга президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен болгон сүйлөшүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө толук маалымат берүүгө аракет кылышты. Алгач шайлоочулар алдына депутаттык мандат алган Жусуп Иманалиев чыгып сүйлөп, 5-апрель күнү өлкө президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен Таластагы абал талкуулангандыгын айтты жана элдин ынтымагы үчүн райондук соттун чечимине баш ийем деп убада бердим эле, бирок силерди көрүп ал убадамдан баш тартам деп билдирди: - Президентибиз сурагандандан кийин макул деп койдум эле, эми силерди көрүп ал макулдугумду кайра алдым мен.

Ошентип депутаттык мандат үчүн атаандашып жаткан эки талапкерди бир пикирге келтирүү боюнча Кыргыз өкмөтүнүн биринчи вице премьер-министри Ишенбай Кадырбеков, парламент спикеринин орун басары Болот Шерниязов кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Таластагы талашка чекитти Равшан Жээнбеков өзү койду: - Урматтуу аталарым, эжекелер, апаларым. Мен айтып атам, адамдын күчү депутаттыкта эмес, адамдын күчү анын элинде болот. Мен силерге окшогон элимди сактап калгым келет. Ошон үчүн азыр силердин алдыңарда мен биринде соттон утсам дагы депутаттык мандатты Жусуп байкеге бердим.

Ошентип Таластагы депутаттык мандат үчүн талаш эл ынтымагын сактоо менен аяктады.

XS
SM
MD
LG