Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Нарында депутат К. Самаковдун жактоочулары обладминистрацияны ээлеп алышты


НАРЫН. Карганбек Самаковдун жактоочуларынын бири Абдыкадыр Жакшылыковдун маалыматы боюнча чогулган эл 5-апрелде Карганбек Самаковду депутат деп тапкан №33 Нарын шайлоо округдук аймактык комиссиясынын чечимин Нарын шаардык сотунун жокко чыгарган чечиминен кийин нааразылык акцияларын башташкан. Биздин бир гана талалабыбыз бар, Карганбек Самаковдун депутаттыгы жокко чыгарылбасын деген талап коюп жатабыз, дейт Абдыкадыр Жакшылыков. Анын айтымында эртең менен миңге чукул адам облсотту да ээлеп турушкандыгын билдирди. Саат төрт-бештер чамасында облустук администрацияда эки жүзгө чукул адам жүрөт. Чогулгандардын арасындагы жаштар облустук администрациянын мүлкүн сындырып, талап-тонобошу үчүн көзөмөл кылып жатышат жана облустук администрациянын кызматкерлеринин иштерине тоскоолдук болгон жокпуз, он күн аралыгында Жогорку сотко апелляция берип күтпөйбүз. Депутатыбыз Карганбек Самаковдун иши туура чечилсе, азыр десе азыр имаратты бошотууга даярбыз, деген талаптарын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG