Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Ирактын парламенти күрт лидери Жалал Талабанини өлкөнүн президенти кылып шайлады


БАГДАД. Ирактын парламенти күрт саясий лидери Жалал Талабанини өлкөнүн президенти кылып шайлады. Жалал Талабанинин эки орун басарлыгына шийи лидери Адел Абдул Махди менен сунни саясий лидери Гази Явар шайланышты. Парламентте сүйлөгөн сөзүндө Талабани өлкөнүн биримдигин сактоого жана Иракты демократиянын үлгүсү кылууга аракеттенерине ишендирди.

- Биз Ирак элин эркин тандоонун негизинде бириктирип, баардык ирактыктардын мыйзам алдында бирдей укуктар менен милдеттерге ээ болуусун камсыз кылып, диний, рассалык жана этник кысмактоону жойгубуз келет. Туура жолду тандап алгандарга ак жол!,-деди Талабани.

Шийи лидери Ибрахим ал-Жафари өлкөнүн премьер-министри болуп шайланат деп божомолдонууда. Жаңы шайланган жетекчилер бейшемби күнү ант бермекчи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG