Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Путин менен Рахмонов Сочиде Кыргызстандагы абалды талкулашты


СОЧИ. Кара Деңиздеги курорттук шаар Сочиде бүгүн Россиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Имомали Рахмонов жолугушту. Эки лидер Кыргызстандагы саясий абалды, орток соода жана экономикалык маселелерди талкуулашты. Жолугушууда Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигин реформалоонун зарылчылыгы баса белгиленди. Мындан мурдараак КМШнын аткаруучу катчысы Владимир Рушайло шаркеттин натыйжалуулугун арттыруу үчүн реформаларды ишке ашыруу зарыл деп билдирген. Азыр Тажикстанда Россиянын коргоо министри Сергей Иванов жүрөт, ал региондун антитеррордук күчтөрүнүн биргелешкен машыгуусуна байкоо жүргүзүүдө. "Рубеж" деп аталган машыгуу бүгүн соңуна чыгууда.

XS
SM
MD
LG