Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:59

ЫҢКЫЛАПТЫН КҮҢГӨЙ- ТЕСКЕЙИ


Кыргызстанда 24-мартта ыңкылап болуп өттү. Мурунку бийлик башчысы Аскар Акаев аны улуттук катастрофа деп атаса, эл ичинде чыныгы элдик ыңкылап деп атагандар арбын. Марттагы окуядан Кыргызстан эмне жоготуп, эмне тапты?

Эл аралык коомчулук Кыргызстандагы ыңкылапка Грузия жана Украинадагыдай жогору баа берген жок. Буга Кыргызстандын геосаясий абалы, андан сырткары 4-мартта башталган нааразылык акциялары учурунда мамлекеттик имараттарга элдин кирип барышы жана эң башкысы 24-марттын түнүндө Бишкекте орун алган талап-тоноочулук себеп болду окшойт.

Бирок Кыргызстан 24-марттагы ыңкылап менен демократияны көздөй кеңири арыш таштады дегендер арбын. Маселен, мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу коомчулуктун ар кыл өкүлдөрү өз пикирин айтууга мүмкүнчүлүк алды. Өкмөттүк “Кабар” маалымат агенттиги мурдагыдай бийликтин көзүн карабай, эркин маалымат таратууда. Андан сырткары буга чейин кандайдыр бир нааразылык акциясына чыккандар куугунтукка алынып, борбордук Алатоо аянтына, өкмөт үйүнө, парламент имаратына жолотулбаса-учурда митинг, пикет өткөрүүдө толук эркиндик орун алууда.

“Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын лидерлеринин бири Дөөлөт Нусупов эркин чогулуу, сөз эркиндиги камсыз боло баштады деген пикирде:

- Эми мурункуга салыштырмалуу ордуна келе баштады. Маселен, биз мурда КТРге бара алчу эмеспиз. Мына эми түз эфирден сүйлөттүрүп жатат. Каалагандар эч кимден уруксат албастан пикет, митингдерди өткөрүүдө. Гезиттер эркин боло баштады. Бирок бул толук жетишкендик эмес. Аны бекемдешибиз керек.

Ал эми “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсалов 24-марттан кийин эл өз тагдырын өзү чечүүгө мүмкүнчүлүк алды деген пикирде:

- Эң негизинен биз чоң мүмкүнчүлүк алдык. Мурун Кыргызстандын, элдин келечеги, саясат болобу, экономикабы, байлыкпы, бийликпи бир үй бүлөнүн, бир адамдын колунда болчу. Азыр болсо мына талашып-тартышып, баарыбыз өзүбүздүн атуул экенибизди, өз жерибизге, келечегибизге ээ экенибизди түшүндүк.

Анын айтымында, сөз эркиндиги, чогулуш эркиндиги багытында алган реалдуу жетишкендик да оңой олжо эмес. Терс көрүнүш катары инвесторлордун чочулоосун, 24-марттын түнүндөгү талап-тоноочулукта элдин бейпайга түшүүсүн атоого болот, деп белгиледи Байсалов.

Ал эми “Трибуна” гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков 24-марттагы эң башкы жетишкендик катары элдин өз күчүн сезиши деп атады:

- Эл азыр түшүнүп калды- элге каршы, жакпаган бийликти 30-40 миң киши болсо демократиялык жол менен Москваны, же Алматыны карай качырганга мүмкүнчүлүк бар экенин. Эң башкысы эл өз күчүн сезди.

Вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурованын пикиринде, 24-марттагы ыңкылаптан элдин ар-намысынын, ариетинин бир тазаланып алышы зор мааниге ээ. Парламенттик шайлоо учурундагы массалык сатып алуулар элдин элдигине шек туудуруп, моралдык кризисти пайда кылган. Ыңкылап менен эл бир арууланып алды, деп белгиледи Ишенгүл Болжурова.

Өкмөттүн алдын ала эсеби боюнча, 24-марттагы талап-тоноочулук алып келген зыяндын көлөмү 1 миллиард сомго жакын болду. Ал эми жабыркаган дүкөн, фирмалардын саны 117 экендиги аныкталды. Өкмөт аларга жардам берилерин жарыялоодо.

Бирок келечекте ишкерлик үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, бийликти тең салмакташтыруу-азыркы мына ушундай зыянды калыбына келтирүүгө жол ачат, деп эсептешет жергиликтүү талдоочулар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG