Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:32

ПАРЛАМЕНТ АКАЕВДИН АРЫЗЫН КАБЫЛ АЛА ЭЛЕК


7-апрелде Жогорку Кеңеш кызматтан четтетилген Аскар Акаевдин президенттик кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүү жөнүндөгү арызын кароого киришти. Бул тарыхый окуяга Кыргызстандын бардык бийлик бутактарынын, саясий партия, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттеги элчилери катышты.

Жогорку Кеңеш кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевдин кыргыз элине багыттап, видеотасмага жаздырып жиберген кайрылуусу менен Жогорку Кеңешке жолдогон арызын көрүп, аны кабыл алуу маселесин бир күн бою талкуулаган менен бир чечимге келген жок.

Бул күнкү иштин жыйынтыгы президенттик шайлоону ушул жылдын 26-июнунда өткөрүү жөнүндөгү Эл өкүлдөр жыйыны 26-мартта кабыл алган токтомду жокко чыгаруу болду. Мындай сунушту төрага Өмүрбек Текебаев киргизип, аны Аскар Акаевдин кызматтан кетүү жөнүндөгү арызы алына электе эле президенттик шайлоо өткөрүүнү белгилөө эртелик кылат деп негиздеди:

- Эл өкүлдөр жыйынынын токтомун жокко чыгарып алгандан кийин гана биз Акаевдин арызын кабыл ала алабыз. Анан арызды бир айдан кийин кабыл алабызбы, жарым жылдан кийинби же Байболов айткандай октябрда кабыл алабызбы, ошого жараша президенттик шайлоонун мөөнөтү ары-бери жылат.

Мындай чечимди кабыл алууга легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкуловдун азыркы мыйзамсыз иштердин пайдубалы 1994-жылы бир палаталуу парламентти таратып, кош палата түзгөндө жана 1996-жылы парламенттин ыйгарым укуктарын президент өзүнө өткөрүп алганда башталган деп баа берип, президенттик шайлоону Конституцияда көрсөтүлгөндөй октябрдын аягында өткөрсөк мыйзам бузуу болбойт деген түшүндүрмөсү түрткү болду.

Анткен менен Аскар Акаевдин арызын кабыл алуу менен тең катар президенттик шайлоо өткөрүүнүн мөөнөтү жөнүндөгү маселенин талкууланышы бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы тымызын таймаштын күч алып бараткандыгынан кабар берди. Ал тууралуу төрага Өмүрбек Текебаев:

-Айрым азаматтар президенттик шайлоону бир айдын ичинде өткөрүш деп жатышат. Алар муну менен Бакиевге жан тартып, баары даярдана электе шуу деп өтүп кетсин деп жатышат. Күзгө жылсын дегендер Бакиевге каршы иштегендер. Алар күзгө чейин этек-башыбызды жыйып, нокаут абалдан чыгып алып сокку урабыз деген ойдо. Конституциянын алкагында үч айдын ичинде өткөрөлү дегендер ага чейин бийлик иштеш керек, болбосо Кочкордогудай чатак жерлер дагы көбөйө берет деп жатышат.

Ал эми күн тартибиндеги башкы маселе-Аскар Акаевдин кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын кабыл алуу маселеси «Экс-президент» жана «Президенттин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер» жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамды кабыл алгандан кийин чечиле турган болду. Анткени, Акаевдин кыргыз элине кайрылуусун көргөндөн кийин сүйлөгөн депутаттар арызды кабыл алуу керек жана аны кабыл албай импичмент жарыялоо керек деген эки пикирге бөлүнүштү.

Буга парламенттин тиешелүү комитетинин арыз кабыл алынсын деген жана депутат Азимбек Бекназаровдун арыз кабыл алынбай Акаевге каршы айып коюлсун жана ага берилген мамлекеттик жеңилдиктерди берүү маселеси референдум аркылуу чечилсин деген токтом долбоорун сунуш кылганы себеп болду. Азимбек Бекназаров өз талабын төмөнкүчө негиздеди:

- Өмүрбек Текебаев бул саясий чечим деп баа берип жатат. Ал туура, бирок, Конституцияга ылайык президенттин кызматтан кетүү аразын кабыл алабыз деп жатып укуктук чечим кабыл алууга мажбур болуп жатабыз. Эгер арызын кабыл ала турган болсок ал дароо экс-президент деген макамга ээ болот. Ал макамга ээ болгон адамдын кандай укугу бар? Мыйзамга ылайык биринчи президент айлыгынын 80 проценттик бөлүгүн ай сайын алып турат. Экинчиден, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө ай сайын мамлекеттик бюджеттен 10 минималдык айлык өлчөмүндө жөлөк пул берилип турат. 14 жыл бою мамлекеттик бюджет менен элди тоноп келгени аз келгенсип, эми дагы кайрадан тонотолу деп жатасыңарбы?

Азимбек Бекназаров Акаевге айып коюп, аны иликтөө үчүн 9 депутаттан турган комиссия түзүүнү да сунуш кылды. Ал эми спикер Өмүрбек Текебаев баштаган бир катар депутаттар мындай чечим өлкөдөгү кырдаалды ого бетер кыйындатып жиберет деп, саясий оюндун тартибин элге кесепетин тийгизбей тургандай түзүүгө чакырышты. Буга жер-жерлерде бийлик талашып, мыйзамдан чыккан аракеттерге баруу жана экономикалык кыйын акыбал өбөлгө берерин эскертишти.

Айрымдар арызды кабыл алып, Акаевдин өзүнө гана мамлекеттик камкордукту берип, жеңилдиктерден үй-бүлө мүчөлөрүн ажыратууну сунушташты.

Импичмент жарыялоо сунушун четке каккан депутаттардын бири Каныбек Иманалиев кыргыз элинде падышаны сыйлоо сезими калыптанбагандыгына өкүнүп, азыркы бийлик Акаевден өч алганы эле келгендей түрдө деп баалады:

-Комитет даярдаган долбоор Кыргызстандагы саясий абалды Конституциялык нукка салуу. Болбосо азыр биз кагаз жүзүндөгү бир президентке, иш жүзүндө эки президентке, 4-5тен губернаторго, 5-6дан акимге ээ болуп калдык. Биз арызды кабыл алуу менен жаңы өкмөткө жардам беребиз. Бул компромисттик вариант. Экинчиден, айрым депутаттарыбыз «чыккынчы жана импичмент жарыялаш керек» деп айтып жатышат. Конституциянын 51-беренеси боюнча, импичмент жарыялоого 2 гана негиз бар. Ал мамлекеттик чыккынчылык жана оор кылмыш жасоо. Ага негиз барбы? Же бир депутат эле чыккынчы деп койсо, аны колдоп добуш бере беребизби? Демек, укуктук негиз жок.

Ал эми вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнөв Аскар Акаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык мүлктү иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөндүгүн жана азырынча аларга 42 ишкана таандык экендиги аныкталгандыгын кабарлап, арызды кабыл алууда аны эске алуу керектигин билдирди. Үсөновдун айтымында, биринчи президент үчүн китепкана курууга 224 миллион сом каралып, азыр ага Италиядан 222 миң евролук эмерек, 125 миң евролук люстра ташылып келатыптыр. Ал эми «МСН» гезити жазган үйүнүн баасы 487 миллион сом экен. Биринчи вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбековдун айтымында, Акаев аны менен Москвада жолуккан кезде ошол үйдү өз эсебинен куруп бүтүрүп алууга өкмөттөн уруксат сураптыр.

XS
SM
MD
LG