Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

«Менин өлкөм» кайрылуу, Жаштар партиясы билдирүү таратышты


БИШКЕК. Жаңы бийликти Кыргызстандын келечегин куруу багытында чукул сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган кайрылууну 7-апрелде «Менин өлкөм» саясий партиясы таратты. Кайрылууда партия ыңкылаптан кийин негиздүү реформа жасоого умтулуунун жоктугуна, адаттагыдай эле бийлик талаш болуп жатканына тынчсыздануусун билдирген. Кайрылууда ошондой эле эски Конституция менен өтө турган президенттик шайлоонун алдында азыркы бийликтин келечекке программасынын жоктугу элдин көңүлүн иренжитип, кайрадан толкундоолорду жаратышы ыктымал деп айтылат. Ушул эле күнү Айдар Баыев жетекетеген Жаштар партиясы билдирүү таратып, анда Кыргыз бийлигинин мындай катачылыктарын кайталабоо үчүн Конституциялык реформа жасоону сунуштады. Ушул эле билдирүүдө жаштар партиясы Курманбек Бакиев жетектеген Кыргызстандын азыркы жетекчилигин колдой тургандыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG