Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

Алмаз Атамбаев президенттикке чыгат


БИШКЕК. Социал-демократтар саясий партиясынын башчысы Алмаз Атамбаев президенттик шайлоого барат. Мындай билдирүүнү саясатчы «АКИпресс» агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында жасады. Атамбаев президенттикке талапкердигин Кыргызстандын экономикасын көтөрүү аракети менен байланыштырды. Ал 24-25-марттагы талап тоноолор элдин жардылыгын көрсөттү деп, ага мурдагы бийликти айыптады. Саясатчы ошондой эле башкарууну колго алган азыркы бийликке да ишенбестигин билдирди. Атамбаев президенттик шайлоого барарын ачык жарыялаган бешинчи саясатчы болду. Буга чейин президенттик үчүн ат салышаарын Курманбек Бакиев, Адахам Мадумаров, Темирбек Акматалиев, Нурбек Турдукулов жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG