Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Феликс Куловдун сот иши дүйшөмбүдө уланат


БИШКЕК. Кыргызстандын Жогорку Соту «Арнамыс» саясий партиясынын төрагасы Феликс Куловдун ишин кароону улантты. Бул күнү Жогорку Сот Кулов-Гасанов ишин карай баштады. Бирок Бишкек шаар мэриясы жана Чүй облустук администрациясына байланышкан өңүтү иштин дүйшөмбүгө которулушун шарттады. Жогорку Сот мэрия менен облустук администрацияга Куловго дооматы бар же жок экендигин тастыктаган документ алып келүүнү тапшырды. Феликс Куловдун иши 6-апрелде башталып, ал күнү сот аскерий тартипте жоопко тарткан ишти карап, бул өңүттө Куловду актаган. 2003-жылдын апрелинен бери түрмөдө отурган Феликс Кулов 24-марттагы ыңкылаптан кийин убактылуу бошотулган. Куловдун соту учурда ачык өтүп, ага маалымат каражаттарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат.

XS
SM
MD
LG