Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:52

Президенттик шайлоо 26-июнда өтпөйт


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш 7-апрелде түштөн кийинки отурумунда 26-июнга белгиленген президенттик шайлоо күнүн 52 добуш менен жокко чыгарды. Президенттик шайлоону 26-июнга белгилөө тууралуу чечимди Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр жыйыны 26-марттагы отурумунда кабыл алынган. Жаңы Жогорку Кеңеш бул чечимди жокко чыгаруу боюнча добуш берүү легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов окуяларга өз баасын бергенден кийин болду. Шеримкулов тарыхый шарттарды эске алганда, бардык учурда акыркы чечим жарактуу деп табылат деп эсептеди. Ошондой эле экс төрага президенттик шайлоону 30-октябрга белгилөө Конституцияга каршы келбей тургандыгын белгиледи. Президенттик шайлоону күзгө которууну депутат Дооронбек Садырбаев баштаган бир катар депутаттар буга чейин билдиришкен. Президенттик шайлоо мөөнөтүн аныктоо маселесине Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин арызына байланыштуу чечим кабыл алынгандан кийин кайрылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG