Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Акаевдин элге кайрылуусу жазылган видео тасма көрсөтүлдү


БИШКЕК. Бир палаталуу парламенттин 7-апрелдеги отурумунда кызматтынан четтетилген президент Аскар Акаевдин кыргыз элине, Жогорку Кеңешке кайрылуусу жана анын кызматтан кетүү боюнча арызы каралды. Адегенде депутаттарга жана жыйындын катышуучуларына Аскар Акаевдин видео тасмага жаздырылган 18 мүнөттүк кайрылуусу уктурулду. Өз сөзүндө Аскар Акаев мамлекетти башкарган учурундагы ички, тышкы саясаттагы жасаган иштерине токтолуп, «24-мартта нааразылык иш чарасынын катышуучуларына каршы ок атпагыла» деген акыркы буйругу болгондугун коомчулукка дагы бир жолу эскерте кетти. Андан соң Аскар Акаев өзүнүн бийлигин тапшыруусу боюнча арызын окуп берди:

- Урматтуу Өмүрбек Чиркешевич, өлкөдө атуулдук тынчтыкты жана атуулдардын ортосундагы ынтымакты, мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн өзүмдүн элимдин алдындагы адамдык парзымды эске алып, Конституциянын 50-беренесине ылайык өзүмдүн каалоом менен президенттик ыйгарым укуктарын 2005-жылдын 5-апрелинен тарта ташшырам.-деди Аскар Акаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG