Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

ЮЩЕНКО УКРАИНАНЫ ЕВРОПАГА КОШКОНУ ЖАТАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 6-апрелде Украинанын президенти Виктор Ющенко АКШы Конгрессинин жыйынында сөз сүйлөп, конгрессмендерди Украинанын НАТОго мүчө болуп кирүүсүнө көмөктөшүп, өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнө дем берүүгө чакырды. Ал ошондой эле конгрессмендерден кансыз согуш учурунда киргизилген экономикалык санкцияларды алып таштоону өтүндү.

Президент Виктор Ющенко Конргессмендерден Украианын Натого жана Еврошаркетке кирүүсүнө көмөк көрсөтүүсүн өтүндү. Ал ошондой эле кансыз согуш учурунда Советтер союзуна каршы киргизилген экономикалык санкцияларды алып таштоону суранды. Жэксон-Ваник деген ат менен белгилүү болгон бул экономикалык чектөөлөр Советтер союзуна каршы киргизилип, рынок шарттарына ылайыкташтырылбаган, башкача айтканда, пландуу экономикасы бар өлкөлөр менен АКШнын соода кылуусун чектөө максатын көздөгөн болучу. Экссоветтик жумурият катары Украина ал санкциялардын кесепетинен ушул убакка чейин жабыркап келатат.

Президент Виктор Ющенконун айтымында, эгерде АКШ бул суранычтарды аткарса ал мындай ак ниет ишарасы менен Советтер союзунун президенти Михаил Горбачевдун өз убагында Берлин дубалын кыйратып, Германиянын биригүүсүнө кошкон салымына тете кадам жасайт.

Украин мамлекет башчысы Украинанын демократиялык өлкө катары батыш уюмдарына интергациялануусуна жардам берүү менен АКШ Конгресси анын өлкөсүнүн гүлдөп-өскөн демократиялуу өлкөлөрдүн алдыңкы катарына кошулуусуна өбөлгө түзөөрүн белгиледи.

Украинанын Еврошаркетке кирүүсү Европадагы жиктелүүнү бүтөп, цивилизациябыздын өнүгүүсүнө жаңы дем берет. Украинынын НАТОГо кирүүсү болсо Варшавадан Тбилисиге жана Бакыга чейин чубалып жаткан стратегиялык маанидеги региондо туруктуулукту бекемдейт,-деди Ющенко.

Президент өз сөзүндө ошондой эле мыйзамчыларга Америкада чыгарылган товарларга украин рыногуна жол ачууга үндөп, мындай кадам өлкөнүн Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүүсүнө огожо боло турганын белгиледи. Ал мыйзамгерлерди ошондой эле Чернобыль атомдук электростанциясынын реакторун коопсуздандырууга жардам берип, жаңы саркофаг салдырып берүүгө, украин студенттеринин Америкадан билим алуусуна жагыштуу шарт түзүүгө жана Америкага барууну каалаган украин жарандарынын айрым категорияларына виза алууда жеңилдик берүүгө үндөдү.

Ющенко Америкалык конргессмендер тарабынан жылуу кабыл алынганын белгилей кетүү керек. Коррупцияга каршы чечкиндүү чара көрүүгө жана өлкөдө мыйзамдуулукту орнотууга убада берген президентти америкалык мыйзамгерлер саргылжын мойун ороочтор менен саргылжын баш кийимдерди желбиретип, "Юшенолоп" ураан кыйкырып каршы алышты. Конгресстин шаршемби күнү өткөн биргелешкен жыйынына Американын вице президент Дик Чейни баш болгон жоон топ өкмөт өкүлдөрү катышты.

Бул жерден конргессмендердин алдында сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгү баардык эле мамлекет башчыларына бериле бербесин кошумчалай кетүү керек. Маселен 2004-жылы АКШ Конгрессинде чет элдик саясатчылардан Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Аяд Аллави, Ооганстандын президенти Хамид Карзай жана Испаниянын өкмөт башчысы Хосе Мария Азнар сөз сүйлөшкөн.

XS
SM
MD
LG