Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Түркия армян геноциддин тааныбайт


Стамбулдагы аскери академияда сөз сүйлөп, президент Ахмед Сезер бул маселеде Түркия Евросоюздун кысымына көнбөй тургандыгын ырастады. Еврошаркеттеги көп өлкө парламенттери Осмон империясы маалында 1915-жылы армяндар кызыл уук болуп кырылган окуяны геноцид деп тааныды. Армения аталган балааматта бир жарым миллион армян кыргын болгон деп ырастап жүрөт. Түркия болсо караламан кагылышта армяндардан 300 миң, ал эми империянын букараларынан миңдеген адам опот болгон деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG