Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

8-апрелде Баткен облустук акимчилигинин алдына Сүлүктү шайлоо округунун 150дөй шайлоочусу нааразылык акциясына чыгышты


БАТКЕН. Нааразылык билдирип келгендер №12 Сүлүктү шайлоо округунан парламентке депутат болуп шайланган Аскарбек Шадиев мыйзам бузуулар менен мандат алгандыктан депутаттыктан четтетилсин. Лейлек районунун акими Абдысалам Юлдашев ордунда калсын деген талаптарын коюшту. Алар менен облус губернаторунун милдетин аткаруучу Султан Айжигитов жолугушуп, суроо талаптарын уккан соң, шайлоого байланышкан маселе мыйзамдуу жол менен гана чечилүүгө тийиштигин, эгер соттун чечимине нааразы болгон учурда шайлоочулар депутатын кайра чакырып алууга укугу бар экенин билдирди. Ошондой эле Лейлек районунун акими Юлдашев өз ордунда иштей берерин, аталган райондун дагы бир топ тургундары сунуштап жаткан “Алга, Кыргызстан!” партиясынын облустук бөлүмүнүн башчысы Каныбек Жороевдин аким болушуна жол жок экенин белгиледи. Мындан бир күн мурда аталган райондун жүз элүү чакты тургуну Абдысалам Юлдашев кызматынан кетсин, анын ордуна Каныбек Жороев аким болсун деген талап менен облус бийлигине кайрылышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG