Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Элдик ыңкылапты коргоо кыймылынын Ысыккөл облустук бөлүмү Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жолдошту


КАРАКОЛ. Бул тууралуу маалыматты Элдик ынкылапты коргоо кыймылынын облустагы бөлүмүнүн теңтөрагасы Аскар Мансуров жана Нурдан Кожогулов билдиришти. Алардын айтканадарына караганда, кызматынан четтетилген Аскар Акаевдин президенттик кол тийбестиги тууралуу парламентте каралып жаткан маселеге аталган кыймылдын дээрлик бардык мүчөлөрү каршы пикирде. Ошондой эле парламенттин сессиясында экономикалык, элдин социалдык жашоо турмуш деңгээлин көтөрүү жөнүндөгү көйгөйлөрү каралбай эле, жалаң Акаевдин жана бийлик бөлүштүрүү маселелер каралууда. Өлкөдө саясий туруктуулукту сактоо үчүн президенттик шайлоонун мөөнөтүн үч айдан ашырбоо керек. Эгерде президенттик шайлоону күзгө чейин созуу керек деген сунуштар өтүп кетсе анда убактылуу бийликке келген айрым жетекчилер элдин ишенимине доо кетирип, ар кандай саясий оюндар күчөйт дешет кайрылуу ээлери.

XS
SM
MD
LG