Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Касиев президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн жарыялады


БИШКЕК. Ош облусунун мурунку губернатору Накен Касиев жакынкы айларга белгилене турган мөөнөтүнөн мурунку президенттик шайлоо катышуусу мүмкүндүгүн жарыялады. Анын айтымында, бул багытта анын саясатчылар менен кеңешүүсү жүрмөкчү. Ал эми 8-апрелде Жогорку Сот №32 Атбашы шайлоо округундагы мыйзам бузуулар боюнча Накен Касиевдин арызын карап, бирок аны канааттандырган жок. Атбашы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Накен Касиев шайлоо учурунда массалык сатып алуулар, мыйзам бузуулар болгон деп добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган эле. Касиевдин мындай арызын буга чейин Атбашы райондук соту карап, бирок аны канааттандырган эмес. Биздин видео тартылып алынган жана башка документтештирилген далилдерибизди соттор көңүлгө алган жок. Соттор алмашмайын адилеттик болбойт экен, деп белгиледи Накен Касиев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG