Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:45

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН АЗАЙТЫП, БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТ ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМДЫ ЖОККО ЧЫГАРДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Жогорку Кеңеш 8-апрелдеги отурумда Кыргыз республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу мыйзамга алымча, кошумчаларды киргизди. Экс-президенттин ыйгарым-укуктарын азайтып, биринчи президент тууралуу мыйзамды жокко чыгарды

Адегенде депутаттарга Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун автору депутат Азимбек Бекназаров маалымат берди. Анын айтымында, бул мыйзам 2004-жылдын январь айында эле жазылып, Акаевдин мезгилинде палатанын күн тартибине киргизилип, каралбай келген. Бул күнү Азимбек Бекназаров учурдагы кырдаалды эске алып, экс-президент, биринчи президент тууралуу мыйзамдар камтылган бул мыйзамды түп орду менен жокко чыгарууну сунуштады:

- Урматтуу депутаттар! Биринчи жана төртүнчү главаны алып койобуз деген менен андагы эрежелердин бары Конституциянын 50-беренесинде жазылып калган. Аны кантип өзгөртөбүз? Ошондуктан бүгүн ушул мыйзамды «күчүн жоготту» деп добуш берелик.

Азимбек Бекназаровдун жогорудагыдай сунушун айрым депутаттар колдошуп, айымдары макул болгон жок. Депутат Марат Султанов мындайча өз пикирин билдирди:

-Эгерде бул мыйзамды жокко чагарсак Конституциянын 50-беренесинде «мыйзамдын чегинде жасалат» деген эскертүү кала берет. Ошондуктан бир сөздөн турган мыйзам долбоору болсо да кабыл алалык. Бул жерде «президенттин бойго жетелек балдарын жана үй-бүлөө мүчөлөрүн тейлөө жана коргоо мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттин эсебинен болот» деп жазылган. Ошондуктан эң кур дегенде ошол мыйзамга бул-тигил камкордук экс-президентке гана таандык деп жазып коюш керек.

Андан соң депутаттардын мыйзамдын автору Азимбек Бекназаров менен суроо жообу улантылды. Аңгычакты төрага Өмүрбек Текебаев бул мыйзам боюча премьер-минстр, пезиденттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевден пикирин айтууну сунуштады. Курманбек Бакиев адегенде өлкөдөгү соңку кырдаалга жана жаңы өкмөттүн аракетине кеңири токтолуп, сөзүнүн соңунда каралып жаткан маселе боюнча мындайча оюн билдирди:

- Мурунку президенттин арызы боюнча өзүңүздөр чечкиле. Мен парламентти сыйлайм. Ошондуктан буга чейин айтылган сөздөрдүн негизинде өзүнүздөр кеңешип, чечиңиздер.

Курманбек Бакиевдин жообуна төрага Өмүрбек Текебаев мындайча кошумча суроо берди:

- Чечкүндүүлүк деген, күчтүү саясат деген жакшы нерсе, ар кимдин колунан келбейт. Арызды кабыл алалыкпы же жокпу ушул чечимди сиз түз айтыңыз. Ошондо шайлоонун качан өтөөрүн биз аныктайбыз. Андай болбосо талаш-тартыш күзгө чейин узара берет. Сиз бизге таштап кетсеңиз биз дагы эки апта бул жерде талашабыз. Ошондуктан бул маселе боюнча оюңузду ачык айтыңыз.

Өмүрбек Текебаевдин жогорудагыдай суроосуна Курманбек Бакиевдин жообу төмөндөгүдөй болду:

- Аскар Акаев арызын берди. Аны кабыл алышыбыз керек. Ал эми кандай түрдө токтом кабыл аласыздар менин оюмча «арызын эске алабыз» деп кабыл алып койсо болот.

Кызуу талаш-тартыштан соң Азимбек Бекназаровдун экс-президент жана биринчи президент тууралуу мыйзамды түп орду менен жок кылуу тууралуу сунушу добушка коюлуп, колдоо тапкан жок. Андан соң депутаттар бул мыйзам долбоорун беренелери боюнча талкуулап өзгөртүү киргизүү чечимине келишти. Натыйжада, Кыргыз республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу мыйзамындагы биринчи президент тууралуу төртүнчү глава толугу менен алынып салынды. Ошондой эле экс-президент жана анын үй-бүлөө мүчөлөрүнө берилүүчү ыйгарым укуктар кыскартылды. Аскар Акаевдин кызматтан кетүү боюнча берген арызы дүйшөмбү күнү карала турган болду.

XS
SM
MD
LG