Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

Миграция боюнча эл аралык уюм Европада цыган улуттук азчылыгынын абалы мындан да начарлайт


ЖЕНЕВА. Женевада жайгашкан Эл Аралык Миграция Агенттиги Европада жашаган цыгандардын абалы мындан да начарлашы мүмкүн деп эскертет. Уюмдун айтымында, Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурундагы кыргындан аман калган 145 миңдей цыган азыр жакырдыкта жашайт. Уюмдун эксперти Делберт Фиилдин айтымында, Евросоюзга кирген өлкөлөрдүн өзүндө да цыгандар билим алуу жана саламаттык сактоодон кем болуп, турак жай менен жетишээрлик камсыз кылынбаган. Миграция уюмунун айтымында, ал цыгандарга 2002-жылдан бери жардам берип келатат, бирок ан үчүн топтолгон каражаттар азайып баратат. Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда нацисттердин концлагерлеринде ондогон миң цыган өлтүрүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG