Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Бүгүн Рим папасы Иоан Павел Экинчинин тажиясы болду


ВАТИКАН. Бүгүн Рим Папасы Иоан Павел Экинчи акыркы жайына койулду. 84 жаш курагында дүйнөдөн кайткан динаятчынын сөөгү Ватикандагы Ыйык Петер соборунун жер төлөөсүндө жайгашкан мүрзөгө, Иса пайгамбардын 12 апостолунун бири Ыйык Петердин кабырынын жанына койулду. Христиандардын ишениминде, мындан 2000 жыл мурда Иса пайгамбар Петер деген апостолуна Христиан чиркөөсүн негиздөө вазыйпасын ыйгарган. Рим Католик чиркөөсүн 26 жыл бою башкарган Папа Иоан Павел Экинчинин тажиясына жүзмиңдеген адамдар жана 200дөй мамлекет жана өкмөт башчы катышты. 18-апрелден тарта Кардиналдар Коллегиясы жаңы папаны шайлоо жөрөлгөсүн баштайт.

XS
SM
MD
LG