Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:04

В.ПУТИН МЕНЕН Н.НАЗАРБАЕВ ДАГЫ БИР ЖОЛУ КЫРГЫЗСТАН ЖӨНҮНДӨ


Төрөкул Дооров, Прага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 9-апрелде Москвага кыска мөөнөттүү сапар менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен көрүштү. “Сүйлөшүүлөрдө КМШны жана төрт мамлекет мүчө болгон Бирдиктүү экономикалык мейкиндик уюмун реформалоо талкууланды” деп айтылат ырасмий билдирүүлөрдө. Путин менен Назарбаев Кыргызстандагы кырдаалды талкуулагына айтпаса да түшүнүктүү. Кантсе да орус президентинин “кыргыз ыңкылабы” тууралуу айткандары ушул тапта күн тартибиндеги башкы тема болуп турат. Андан сырткары Казакстан да, Орусия да Кыргызстан менен орток кызыкчылыктарга ээ.

Казак президентинин орус мамлекет башчысы менен бүгүнкү жолугушуусунда талкууга алынуучу бир катар маселелерден турган күн тартиби алдын ала белгиленген.

Алардын арасында Казакстан менен Орусиянын Каспий деңизиндеги көгүлтүр газ жана мунай бөлүктөрү, Орусия иштетип жаткан Казакстандагы “Байконур” космодрому, андан сырткары Шериктеш мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук келиши уюмунун ишине байланышкан маселелер бар.

Аны менен катар Кыргызстандагы кырдаал да сөзсүз талкууга алына турган маселелерден.

Орусия менен Казакстан Кыргызстанда чоң кызыкчылыктарга ээ. Шериктеш мамлекеттер уюмунан сырткары Орусия менен Казакстан кирген дагы бир катар башка уюмдарга Кыргызстан да мүчө. Булардын катарында мисалы, Жамааттык коопсуздук келишими жана Евроазия экономикалык шериктештиги уюмдары бар.

Жон Макклоуд Лондондо жайгашкан Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Борбор Азия бөлүмүндө эмгектенет. Анын терең ишениминде Кыргызстанда болуп жаткан окуялар Казакстан үчүн да, Орусия үчүн да өтө чоң мааниге ээ:

- Бул чынында экөөсү үчүн тең: Орусия менен Казакстан үчүн маанилүү, анткени эки президенттин тең администрациялары Кыргызстанда жүз көргөн окуялардан катуу чочулашты. Казакстан ыңкылаптын келерки курмандыгы болуудан коркот, анын үстүнө Кыргызстан бул эки өлкө үчүн тең региондогу башкы тилектеш мамлекет жана алардын айтканын кылат.

Эки президент тең Аскар Акаевдин кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетүү тууралуу протоколдо айтылгандардын аткарылышына кепилдик болуп берүүгө макул болушту. Мунун мааниси эки өлкө тең кыргыз жериндеги окуяларды колдойт дегенди түшүндүрбөйт. Кыргызстандагы окуяларга карата Назарбаевдин позициясы белгилүү. Ал ыңкылап болгон 24-марттан бир апта өтүп-өтпөй ага карата мындай маанайда “кошуналык баасын” берген:

- Кыргызстанда болгон окуяны революция деп атоого мүмкүн эмес. Азыркы кыргыз бийлиги өзү айткандай, бул бандиттик жана каракчылык.

Ал эми Путин Кыргызстандагы окуяга берген баасында этияттыкты сактагандай болду. Бул кыргыз ыңкылабына чейин болгон украин ыңкылабы учурундагы Путиндин баасынан бир канча айырмаланды. Анда Путин ачыктан-ачык эле өкмөтчүл талапкердин президент болушун жактап, колдогон эле.

Өтүп бараткан жумада Путин бир катар КМШ мамлекеттеринин лидерлери менен көрүштү. Сочиде тажик президенти Эмомали Рахмонов Путин менен жолугушкандан кийин айткандай, Кыргызстандагы кырдаал маселеси сүйлөшүүлөрдөгү негизги темага айланган.

- Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келиши, КМШ, Евразиялык экономикалык мейкиндик жана башка уюмдарга мүчө. Андыктан бул сүйлөшүүлөрдө биз кризисти чечүүнүн баардык тараптарга ыңгайлуу жолун таба алабыз го деп үмүттөнөбүз, - деген тажик президенти Эмомали Рахмонов.

Ушул аптанын башында Путин Беларус республикасынын президенти Александр Лукашенко менен да жолугушкан. Эсиңиздерде болсо үстүбүздөгү айдын баш чендеринде Лукашенко Кыргызстандагы окуяларды “бандиттик окуялар” деп баалып, анын өлкөсүндө бул өңдүү башаламандык эч качан болбостугуна касам ичкен эле.

Канткен менен “кыргыз ыңкылабы” Путин менен Назарбаевди ойдо жок оңтойсуз абалга салып койду. Бирок биздин маектешибиз - лондондук эксперт Макклоуддун оюнда, Кыргызстандагы абал турукташмайынча бул эки президент тең ачык аракеттерден оолак болуп турууга аракет кылышат.

- Дегинкиси Орусия да, Казакстан да, Кыргызстанга экономикалык жактан да, саясий өңүттө да чоң таасир этип турган мамлекеттер. Бирок менимче, азыр абал өтө эле түшүнүксүз, андыктан бул эки президент тең Кыргызстандан эмнени күтөөрүн да билбей турушат. Алар ушул тапта иштешсе боло турган адамдарды кыдырып жаткан кези, - дейт Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Борбор Азия бөлүмүнүн эксперт Жон Макклоуд.

Дагы бир башка байкоочулардын баамында Орусия менен Казакстан Кыргызстанга кантип мамиле кылып, ким менен иштешүү керектигин ойлонуп жаткан кезде Кыргызстандагы жаңы бийлик бул эки мамлекеттин колдоосу өнүгүүнүн маанилүү фактору экенин эсепке алса жакшы болмок.
XS
SM
MD
LG