Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

ЖОГОРКУ СОТ ҮЧ ОКРУГ БОЮНЧА ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ


Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодон чыккан соттук териштирүүлөр, нааразылык акциялары уланууда. 9-апрелде Жогорку Сот талапкерлер Кабай Карабеков, Мелис Эшиканов жана Жусуп Иманалиевдин арызын карады.

Сүлүктү, Курулуш, Базаркоргон-Сузак, Бакайата, Нарын, Токтогул, Түндүк, Асанбай шайлоо округдары боюнча талаш-тартыш жүрүүдө. Атбашы шайлоо округу боюнча Жогорку Сот 8-апрелдин кечинде Аскарбек Салымбековдун пайдасына чечим чыгарды.

Соттун мындай чечимине Салымбековдун атаандашы Накен Касиев нааразы болду:

Мурунку бийлик кандай кетсе-бул сот да ошондой кетиш керек. Буга менин көзүм жетти. Биздин ушунчалык далилдерибизди, видеокадрларыбызды, фонограммаларды баарын карап туруп, менин атаандашымдын пайдасына чечип койду. Буга менин ичим күйгөн жок. Бирок акыйкатсыз соттун жүзү көрүндү.

9-апрелде болсо Жогорку Сот Бишкектеги Курулуш, Асанбай жана Таластагы Бакайата шайлоо округдары боюнча талапкерлердин талашын карады. Ушул эле күнү сот Асанбай шайлоо округу боюнча Мелис Эшимкановду жеңүүчү деп тапты.

Мелис Эшимканов соттун чечимин мындай баалады:

- Адилет чечим деп баалап жатам. 24-марттагы төңкөрүш болбосо мындай чечим болбойт эле. Ошого жараша соттордун уяты ойгонуп кетти окшойт. Жакшы чечим болду .

Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча Шарипа Садыбакасова Эшимкановду 61 добуш менен уткан эле.

Жогорку Сот Курулуш шайлоо округу боюнча эки шайлоо участкасында кайра добуш берүү уюштуруу тууралуу чечим кабыл алды. Эми Кабай Карабеков менен Ольга Безбородова дагы бир ирет таймашып көрмөкчү.

Жогорку Сот №55 Бакайата округундагы 18 шайлоо участогунда да кайра добуш берүүнү өткөрүү чечимин кабыл алды.

Бирок Иманалиевдин тарапкерлери мындай чечимге нааразы болуп, өкмөт үйүнүн алдына барышты жана Курманбек Бакиев, Ишенбай Кадырбеков менен жолугушууну талап кылышты.

Равшан Жээнбеков Таласта эл алдында, андан кийин КТР аркылуу элдин ынтымагы үчүн Иманалиевге каршы күрөштү токтоттум деп айткан эле. Ал сөздөн кайтканына түшүнбөй турам дейт 9-апрелде Жогорку Соттун алдына келген Иманалиевдин жактоочусу Жолдош Касымбаев:

- Таласта болгон курултайда Жусуп менен Равшандын сүйлөшүүсүнө абдан ыраазы болгонбуз. Элдин астына чыгып Равшан сүйлөдү эле аны төбөбүзгө көтөрүп, ыраазычылыгыбызды билдирип тараганбыз. Анан эми азыр мынабу ишине түшүнбөй турабыз. Ошондуктан Жогорку Сотко акыйкат издеп келдик.

Ал эми Равшан Жээнбековдун тарапкерлери болсо Жээнбеков кысым астында сөз берген деген пикирде.

Борбордук шайлоо комиссиясы болсо өзү түзгөн комиссиянын аракети менен Алай шайлоо округу боюнча Марат Султановдун, Карасуу боюнча Арапбай Төлөновдун жана Куршаб округу боюнча Адахан Мадумаровдун шайлангандыгын тастыктады.

Сот иштери Токтогул, Нарын шайлоо округдары боюнча уланууда.

Сот бийлигинин калк арасында аброюнун жоктугу, анын окшош эле маселелер боюнча буга чейинки карама-каршы чечимдери – азыркы чыккан чечимдер адилет болсо да нааразылыкты пайда кылууда. Мына ошондуктан Жогорку Соттун бир канча участоктордо кайра шайлоо өткөрүү тууралуу чечимине нааразы болгон Жусуп Иманалиевдин тарапкерлери өкмөт үйүнүн алдына барышты.

2000-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Феликс Куловдун шайлоочулары Бишкекте бир нече айлап нааразылык акциясын өткөргөн. Бул жолку шайлоо чырлары “Чубактын кунундай чубалып” канчага созулат, азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG