Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

ЭМКИ РЕФОРМА БАШМЫЙЗАМДАН БАШТАЛАТ


«Конституциялык өнүгүүнүн кадамдары» деген аталышта 9-апрелде Бишкекте өткөн жыйында Башмыйзамды өзгөртүү демилгеси талкууланды. Ага бейөкмөт уюмдардын, өкмөт менен парламенттин, саясий партиялардын, маалымдоо каражаттарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. 24-марттан кийинки өлкөдөгү кырдаал Конституцияны кайрадан өзгөртүү, шайлоо системасын жаңылоо, бийлик тең салмагын калыбына келтирүү зарылдыгын коюуда.

Конституциялык сот төрайымы Чолпон Баекова 1993-жылкы Башмыйзам төрт ирет өзгөртүлгөнүн, анын баарында тең изги тилек, илгери үмүт айтылганын, анткен менен бийликтин бир адамдын колуна топтолушунун айынан элдин ага ишеничи кетип, натыйжасы калктын көтөрүлүшү менен аяктады деп билдирди. Ч.Баекова азыркы учурда Башмыйзамды өзгөртүү демилгесин парламент көтөрүшү ылайык деген пикирде.

- Азыркы мезгилде президент жок болгондон кийин мамлекеттин негизги мыйзамын кабыл алуу камын же болбосо аны тескөө камын көрүү керек. Биздеги мыйзам чыгаруучу орган парламент, Жогорку Кеңеш, бүгүнкү тегерек үстөл катышуучулары ошол тарапка кайрылат го.

Ушу тапта иштеп аткан жаңы өкмөт деле конституциялык реформаны баштоо демилгесине каршы эместигин Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева да ырастады. Бирок да анын айтымында, оболу президенттик шайлоону өткөрүп алуу керек.

- Биз азыр ушул шайлоону өткөрсөк туура болот эле. Июль десе июль, мына парламент чектеп атат. Чындап эле азыркы кырдаалды, революциялык убакты пайдаланып, биздин турмушка чоң өзгөрүүлөрдү киргизишибиз керек. Сөзсүз мындай учурду пайдаланбасак, анда качан дегендей. Бирок да бул бир күндүн иши эмес да.

Парламент депутаты Кубатбек Байболов бийликти алган эл ушу тапта жооткотомой жоопторго алымсынбай, баарын тең алеки саатта алуу аракетине өткөнүн айтты. Ыңкылаптын ыраңын өчүргөн талап-тоноочулук эми жер-жерлердеги бийликке ооп, эки күндөн бери Бишкекте жер басып алуучулардын сүрдүү кыймылы чыкты.

- Ыңкылап ээси эми акысын талап кылууга өттү. Бул да ыңкылап үчүн мыйзамченемдүү нерсе. Матрос Железняк азыр эч кимге баш ийбей калды, эми анын баш ийиши да күмөн,- дейт Кубатбек Байболов.

Кыргызстан асманында катуу жарандык кагылыштын сургулт булуту сүрүлүп, кырдаал коркунучтуу чекке билинбей жылып баратканын «Агым гезитинин ээси Мелис Эшимканов да белгилей өттү.

- Ошол коркунуч бүгүн биздин абабызда, жүрөгүбүздө, көчөбүздө. Жанагы аналитиктер айткан «конфликттин оогандашуусу» бизди акмалап турат.

Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу элдик ыңкылапты башынан кечирген Кыргызстан бийлиги мындан ары деле түзүлгөн шарт-жагдайга жараша батыл кадамдарды жасаш керек, деп эсептейт.

- Президент шайлоо болгондон кийин эл шайлаган президент, парламент кетеби-кетпейби, аны деле президент эле чечет. Бүгүнкү күндө көп талаптар болуп атат. Ошондуктан президент, парламент, конституциялык кеңеш – үчөө президент шайлоодон кийин Конституцияга киргизиле турган өзгөрүүлөрдү отуруп, кеңешип аныктагшы керек.

1993-жылкы Конституцияга президент бийлигин күчтөнтүп, ага абсолюттук дегидей укуктарды удаама-удаа өткөн элдик референдумдардын жардамы менен ыйгарып келишкен. Жыйын катышуучулары Кыргызстан парламенттик республикага эртеби-кечпи өтүшү керектиги, парламент шайлоону пропорционал-мажоритардык системага өткөрүү зарылдыгын айтышты. Элдик ыңкылаптын шарданында коомдук-саясий жагдайды жакшы жагына оодаруу аракети ошентип Башмыйзам реформасынан башталмай болду.

XS
SM
MD
LG