Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

К. Бакиев «Азаттыктын» жетекчилиги менен жолукту


БИШКЕК. 9-апрелде Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев «Азаттык» үналгысынын деректири Тынчтыкбек Чоротегинди жана «Азаттык-Медиа» институтунун жетекчиси Кубат Оторбаевди кабыл алды. Жолугушуу маалында 24-марттагы ыңкылаптан кийинки басма сөз эркиндигинин абалына байланыштуу маселелер талкууланды. Курманбек Бакиев сөз эркиндигин колдой берээрин, бул жаатында мурдагы позициясынан тайбаганын билдирип, Кыргыз телерадиосун коомдук массалык маалымат каражаты кылып кайра түзүү зарыл деген оюн дагы бир ирет тастыктады. «Азаттыктын» деректири Тынчтыкбек Чоротегин 24-марттагы ыңкылапты үналгы кандай нукта чагылдырганы тууралуу пикирин айтып, «Азаттык» мындан ары да өлкөдөгү окуяларды калыс, эки тараптуу жана өз маалында чагылдыруу принцибинен тайбай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG