Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Жогорку сот М. Эшимкановдун арызын канааттандырды


БИШКЕК. Жогорку Сот Бишкек шаарындагы № 6 Асанбай округунан парламентке талапкерлиги койгон Мелис Эшимкановдун апелляциялык арызын 9- апрелде карап, анын пайдасына чечти. Аталган шайлоо округунда өткөн парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында талапкер Шарипа Садыбакасова 61 добуш менен жеңип чыккан. Шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды,Садыбакасова тарабынан добуштар сатып алынды деген арызы менен Мелис Эшимканов буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна кайрылган. Сот анын арызын канааттандырган эмес. Бул күнү Жогорку сот Бишкек шаарындагы №11 Курулуш округунан парламентке талапкерлигин көрсөткөн Кабай Карабековдун да апелляциялык арызын карап, аталган округдун эки шайлоо участкасында кайра добуш берүү өткөрүү жөнүндөгү чечимин чыгарды. Бул шайлоо округунан көпчүлүк добуш менен шайлоонун экинчи айлампасында Ольга Безбородова депутаттык мандатка ээ болгон.

XS
SM
MD
LG