Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Аскар Акаев кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. Кыргызстандын кызматынан четтетилген президенти Аскар Акаевдин 8- апрелдеги кайрылуусун “Кабар” жана “АКИ- пресс” агенттиктери жарыялады. Анда Аскар Акаев Кыргызстандын азыркы бийлиги ага каршы ыпылас кампания жүргүзүү менен өтө тобокел жолго түшүп алды деген пикирин билдирди. Акаевдин айтымында, ал өтө кыйын кырдаалда да элге каршы иштерге барбай, жеке бийлигин сактап калуу ниетин көздөгөн эмес. Кыргызстандын мурдагы президенти ага азыркы бийлик маалымат террорун токтотууда кыргыз журтчулугунан жардам сураган. “Эгер зарыл болсо өзүмдүн президенттик жана атуулдук укугумду коргоп, эл аралык коомчулукка кайрылууга мажбур болом”, - деп жазат Аскар Акаев өз кайрылуусунда.
Ал эми Кыргызстандагы айрым саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар Аскар Акаевге импичмент жарыялоону талап кылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG