Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

К. Бакиев Еврокомиссиянын өкүлү менен жолукту


Бишкек. 9-апрелде Европа комиссиясынын тышкы байланыштар боюнча башкы директорунун орун басары Майкл Ли Кыргызстандын президентинин милдеттерин убактылуу аткаруучу Курманбек Бакиев менен жолугушту. Жолугушууда Курманбек Бакиев Кыргызстандагы саясий кырдаал боюнча маалымат берип, абалды стабилдештирүү үчүн чукул чаралар көрүлүп жактандыгын айтты. Премьер-министр ошондой эле жаңы өкмөт коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзө тургандыгын маалымдады. Бакиев Кыргызстанда болгон ыңклаптын башкы себеби калктын жашоо-турмушунун деңгээлинин төмөндүгү, жумушсуздук болду деген пикирин да айтты. Ал белгилегендей, өкмөт бул маселелерди комплекстүү түрдө чечүүгө өз аракетин жумшайт жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, эл аралык каржы уюмдар менен кызматташууну бекемдөө иштерине чоң көңүл бурат. Премьер-министр Курманбек Бакиев Европа Биримдигине Кыргызстанга көрсөтүп жаткан техникалык жана гранттык жардамдары үчүн ыраазылыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG