Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Иран менен Израилдин президенттери кол алышканынан чатак чыгууда


Иран президенти Мохамад Хатами кээ бир ирандык гезиттерде жарыяланган маалыматтарды бүгүн жокко чыгарды. Журналисттердин жазышынча, жума күнү Ватиканда Папа Иоанн Павел Экинчинин тажыясына катышканда Хатами Израил президенти Моше Кацав менен кездешип, аны менен кол алышкан жана ал тууралуу Кацав өзү айткан. Сирия президенти Башар ал-Асад дагы Кацав менен кол алышкан, бирок сириялык журналисттер аны көп деле сынга алган жок. Иран жана Сириянын Израил менен дипломатиялык мамилеси жок.

XS
SM
MD
LG